Menu

Сотто Сапар Исаков эмнеге макул болду?

Бөлүшүү:

Бүгүн, 28-октябрда экс-премьер-министр Сапар Исаков күч колдонуу менен мажбурланып,  сотко алынып келингенин анын адвокаты Замир Жоошев эртең менен журналисттерге билдирген. Түштөн кийин адвокат журналисттерге соттун жүрүшү боюнча маалымат берди.

Анын айтымында, сот эки токтом чыгарган. Биринчиси – айыпталуучуларды отурум залына күч менен алып келүү (бирок, сот буга чейин макул болбосо күч менен сотко алынып келээрин эскерткен – авт.) экинчиси-  айыпталуучулар көрсөтмө берүүдөн баш тартышса дагы процессти улантуу. Ошондон улам, көрсөтмө берүүгө айыпталуучулар макул болушкан.

Эске сала кетсек, 2018-жылдагы кышкы чилдеде, ЖЭБде авария болуп, Бишкектин тургундары бир жума бою жылуулуксуз калган. Үшүп калган эл андагы аткаминерлерди катуу сынга алып, алардын жоопко тартылышын талап кылган. Ошондон улам, териштирүү болуп, оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, биртоп адамга кылмыш иши козголгон. Бир гана мурдагы финансы министри Ольга Лаврова үй камагына чыгып, калганы камакта калган. Алар: экс-премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри, депутат Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Биримкулов. Булардын баарына«Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери менен айып тагылган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 62 = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: