Menu

Көз курч болушу үчүн керектүү азыктар

Бөлүшүү:

1. Лосось, скумбрия, тунец, анчоус сыяктуу балыктын майлуу түрлөрү. Даана, курч көрүү үчүн диетологдор жумасына 2-3 жолу 300 граммдан балык жегенди сунуштап келишет. Муну офтальмологдор кош колдоп колдошот. Анткени балыктын курамында көздүн көрүүсү үчүн эң керек болгон май кычкылдары жана толук каныкпаган майлар бар. Өзгөчө Омега-3 май кычкылы.

2. Цитрус мөмө-жемиштери. Цитрустар биздин көзгө өтө пайдалуу деп эсептелинет. Анткени алардын курамында көрүү органына керектүү көптөгөн витаминдер бар. С витамини көздүн ички басымынын көтөрүлүшүнө жол бербейт. Е витамини болсо катарактага каршы күрөшөт. Айрыкча грейпфрут чечекейдин картайбашы үчүн. Бул жемиш организмге пайдалуу заттарга бай: С, А витаминдери, кальций, темир, марганец, калий, фосфор, фолий кычкылы жана В витаминдер тобу. Бирок көпчүлүгүбүз грейпфруттагы биофлавоноид заты тууралуу биле бербейбиз. Ал көздүн чечекейинин картаюусунун, сары тактын пайда болушунун алдын алат. Биофлавоноид мөмөнүн ичиндеги кесимдерди бөлүп турган ак чел кабыкта болот. Андыктан грейпфрутту ширесин сыгып ичпей, ак чел кабыгы менен жегениңиз оң болот. Офтальмологдор күнүнө же эки күндө бир грейпфрут жеп турууну сунушташат.

3. Кара моюл же черника көздүн чарчабоосу үчүн мыкты жемиш. Бул жемиш курамына көзгө керектүү болгон бардык витаминдерди камтыганы менен өзгөчөлөнөт. Ал көздүн чыңалуусунан жана чарчоосунан сактайт. Анын курамындагы антоциандар капиллярларды жакшыртып, мындан улам көз булчуңдарына жана нерв клеткаларына керектүү азыктар өз убагында жетип, көздүн кан тамырларында кан айлануу жакшырат. Ошондой эле черника А жана С витаминдерине, антиоксиданттарга бай, ар кандай вирустарга туруштук бере алат. Андыктан күнүнө 1-2 аш кашык черника жемишин же андан жасалган кыямды жеп турууну адат кылыңыз.

4. Сабиз көздүн карангылашын, тунарышынын алдын алат. Эгер сиздин көзүңүз караңгылап, көз алдыңызда жылдыздар учуп, караңгыда жакшы көрбөй, конъюнктивит менен жабыркап жатсаңыз, анда организмиңизге А витамини (ретйнол) жетишпейт деп эсептей бериңиз. Бул витамин көз торчосунун жакшы иштөөсүн камсыздап, түстөрдү кабылдоого жана аны мээге жеткирүүгө салым кошот. Күнүнө 300 граммдан сабиз жеп туруу сизге пайда алып келет.

5. Көк чөптөр. Тамак-ашка көк чөптөрдү колдонууну унутпашыбыз керек. Көк чөптөрдүн курамындагы лютеин заты көз оорууларынын алдын алат. Айрыкча шпинат көрүү системасындагы оорулардын алдын алат. Анын курамынан В1, В2, О, С, Р, РР,К витаминдерин, микроэлементтерди, органикалык кычкылдарды, белок жана каротинлютеинди табууга болот. Алсак, 100 грамм шпинаттын курамында 11 600 микрограмм лютеин болсо, 100 грамм сабизде бул көрсөткүчү 335 микрограмм гана. «Лютеин көздүн чечекейине, торчосуна эң керектүү зат. Күнүнө 50 грамм шпинат жеп турган адам көздүн тунарышын жана чаалыгуусунун алдын алат» дешет окумуштуулар. Бирок бул чөптүн курамында щавель кычкылы көп, андыктан ашказан кычкылы жогоруларга сунушталбайт.

6. Бадам жана мисте. Негизи жаңгактардын баары минералдарга бай экендиги эч кимибизге сыр эмес. Алардын ичинен лидер катары бадам, грек жаңгагы жана пеканды санайбыз. Бирок пайдалуулугу жагынан мисте булардан ашып түшөрүн америкалык окумуштуулар далилдеп чыгышты. Алардын изилдөөсүнүн жыйынтыгына таянсак, мисте жез, магний, фосфор, калий, клетчатка жана пайдалуу майлардан сырткары, лютеин жана зеаксантин затына бай. 28 грамм мистеде 342 мик-рограмм лютеин жана зеаксантин бар экен. Бул көрсөткүч фундук менен апельсин ширесиникинен 13 эсе жогору. Бул эки зат көздүн булчуңдарын бекемдеп, картаюусунун алдын алууга көмөктөшөт.

Андыктан күнүмдүк менюңузга 30 грамм мисте кошууну унутпаңыз. Бадам дагы витаминдерге бай келет. Жогоруда айткандай катарактада жардамы чоң. Күнүнө 4-5 даана бадам жеп турсаңыз, организм Е витаминин толук кандуу алган болот.

7. Капуста витаминдин бардык түрү менен жараларга каршы У витаминин, фитонцид, ар түрдүү ферменттер, туз, калий, кальций, фосфор, темир, йодду өзүнүн курамына камтыгандыктан, ден соолукка абдан пайдалуу жана ар кандай оорулардын алдын алганга жөндөмдүү. Көздүн сыздап оорусуна жана кызарышына каршы. Бул жашылчаны диетологдор көбүрөөк жегенди сунушташат, бирок баарыбызга эмес. Ашказан кычкылы жогорулар абайлап колдонуусун эскертишет. Капустанын көз үчүн кандай пайдасы С, К жана Р, В1, В2, РР витаминдерине жана холин затына бай экендигинде. С витамини цитрус мөмөлөрүнө караганда ачытылган капустада көп. Бул витаминдер көздүн кан тамырларын бекемдеп, кан айланууну жакшыртат. Жумасына 3 жолу 150 граммдан капуста жеп туруу сизге чың ден соолук тартуулайт.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: