Menu

Тажикстанда мунапыстын алкагында миңден ашык адам эркиндикке чыкты

Бөлүшүү:

Тажикстанда Конституциянын кабыл алынгандыгынын 25 жылдыгына карата жарыяланган мунапыстын алкагында камактагы адамдардын алгачкы тобу эркиндикке чыкты. Бул тууралуу өлкөнүн Жазаларды аткаруу кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Явандагы түрмөдөн, Нуректеги аялдар абагынан жана Душанбедеги атайын түрмөдөн жалпысынан 1060тан ашык адам бошотулду. Алардын арасында 165 аял жана 60 өспүрүм бар.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон «Мунапыс тууралуу» мыйзамга 25-октябрда кол койгон.

Мурдараак өлкөнүн башкы прокурору Юсуф Рахмон мунапыс оор эмес кылмыш үчүн абакта отурган жана учурда иши сотто каралып жаткан 20 миңден ашуун адамга жарыялана турганын билдирген. Анын айтымында, мындан тышкары коомдук жумуштарды аткарууга милдеттендирилген 4,5 миң киши жеңилдик алып, түрмөдө 12 жылдан ашык жаза өтөгөн аялдарга жана өспүрүмдөргө ырайым берилет.

– Мыйзамга ылайык абактарда отурган 300 аялдын 165и, ошондой эле тарбиялоочу жайлардагы 75 өспүрүмдүн 58си бошотулат. Буга кошумча жашы 55тен өткөн эркектер, майыптар, оорукчандар, өлкөдө жана чет жакта согушка катышкандар менен Чернобыль алааматынан жабыр тарткандарга мунапыс берилет. 9 миңге жакын кишинин жаза мөөнөтү кыскартылат, – деген башкы прокурор.

Анткен менен күнөөсүн мойнуна албаган өлкө абактарындагы саясий туткундар мунапыска илинбейт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: