Menu

Бир жарым жаштагы кызын өлтүргөн адам кармалып, камакка алынды

Бөлүшүү:
Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстан мамлекетинин Алмата шаарындагы «InterContinenta» мейманканасында бир жарым жаштагы кызын өлтүргөн адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда «Zakon.kz» басылма жазып чыкты.

Алардын жазганына караганда, кызын өлтүргөн адамдын улуту аныкталган. Ал 41 жаштагы Улуу Британиянын жараны Баракат Мохамед аттуу адам болуп чыккан. Анын баш коргоо чарасы райондор аралык адистештирилген сотто каралып, Казакстандын Кылмыш-жаза кодексиндеги 99-берененин 2-пункту (адам өлтүрүү) боюнча шектелип, эки айга камакка алынган.

Окуя 24-октябрда эртең менен Алмата шаарында жайгашкан 5 жылдыздуу мейманканада болгон. Аял, күйөөнөн ортосунда чыр чыгып, бир жарым жаштагы кыз каза болгон. Мейманкананын кызматкерлеринин айтымында, аялдын кыйкырган ачуу үнүн эртең мененки саат 7:00 чамасында угушкан. Алар  тез жардам кызматын жана полиция чакырышкан. 1,5 жаштагы кыз алгач жандандырууга, андан  кийин балдар борборуна жеткирилген. Тилекке каршы, башынан оор жараткан алгандыктан ооруканадан көз жумган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: