Menu

Фото – Сеул шаарында энергиянын кайра жаралуу булактары боюнча конференцияда Кыргызстандын аймагында ГЭС курууга инвестиция тартуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрдү

Бөлүшүү:

Өткөн жума, 23-25-октябрда Сеул шаарында энергиянын кайра жаралуу булактары боюнча сегизинчи Эл аралык конференциясы болуп ɵттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Конференциянын ишине Кыргыз Республикасынын Өнɵр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлеккеттик Комитетинин тɵрагасы Эмил Осмонбетов, Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчиси Динара Кемелова жана Кыргызстандын чакан ГЭСтер Ассоциациясынын Президенти Эльвира Боронбаева курамына кирген Кыргызстандын делегациясы катышты.

Конференциянын жүрүшүндө Корея Республикасынын Соода, индустрия жана энергетика Министри Юнмо Сон мырза жана анын орун басары Жю Йонг Жюн мырза менен эки тараптуу жолугушуулар болуп өттү. Бул жолугушуулардын алкагында энергетика тармагыдагы кызматташуу, Кыргызстандын аймагында ГЭС курууга инвестиция тартуу жана энергиянын кайра жаралуу булактары боюнча биргелешкен долбоорлорду иш жүзүнɵ ашыруу жɵнүндɵ суйлошүүлɵр болду.

Ошондой эле Жашыл ɵсүш боюнча глобалдуу институтунун кеңешинин Тɵрагасы Пан Ги Мун, Кореянын энергетикалык агенттигинин Президенти Ким Чанг Сеоб, ошондой эле Германиянын, Монголиянын, Австралиянын, Камбоджанын жана башка ɵлкɵлɵрдүн делегацияларынын жетекчилери менен кыска маектер болуп өттү.

Кореянын энергетика жаатындагы алдыңкы компанияларынын ɵкүлдɵрү менен болгон сүйлɵшүүлɵрдүн жүрүшүндө, Кыргызстандын делегациясы КРнын жагымдуу инвестициялык климаты жана энергиянын кайра жаралуу булактары жаатындагы болгон дарамети тууралуу айтып берди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: