Menu

Фото – Дастанбек Жумабеков Жапониянын Кыргызстандагы элчиси менен парламенттер аралык кызматташтыкты арттыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 28-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Жапониянын Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Маэда Сигекини кабыл алды.  Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Алгач Төрага Дастанбек Жумабеков Маэда Сигекини Жапониянын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады.

“Кыргызстан Жапония менен өз ара кызыкчылыкка шайкеш келген бардык багыттагы, анын ичинен экономика, маданият жана туризм тармактары боюнча эки тараптуу кызматташууну бекемдөөгө кызыкдар”, – деген Төрага экономикалык байланыштардын мүмкүнчүлүктөрү арбын экенине, айрыкча жеке ишкерчиликке тиешелүү шарттар толук пайдаланылбай жатканына токтолду.

“Биздин өлкө инвестиция тартууну жана Кыргызстан менен Жапония ишкерлери ортосундагы соода-экономикалык алакаларды кеңейтүүнү көздөйт. Андыктан, сиздин адискөй ишмердүүлүгүңүз, билимиңиз жана тажрыйбаңыз тышкы соода тармагыбыздын өнүгүшүнө, эки тарапатуу экономикалык байланыштарыбыздын жакшырышына өбөлгө болот деген ишеничтемин”, – деди Төрага Дастанбек Жумабеков.

Өз кезегинде Жапониянын Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Маэда Сигеки жылуу кабыл алгандыгы жана айткан куттуктоосу үчүн Төрага Дастанбек Жумабековго ыраазычылык билдирип, кыргыз-жапон мамилелерин мындан ары өнүктүрүү боюнча элчилик милдеттерин толук аткарууга тынымсыз аракет көрөрүн кошумчалады.

Ошондой эле жолугушууда тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты арттыруу жана эки өлкөнүн достук байланыштарын чыңдоо багытындагы мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − 88 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: