Menu

Текебаев менен Чотонов дагы эки ай үй камагында калмай болду

Бөлүшүү:

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун бөгөт чарасы өзгөрүүсүз калды.

28-октябрда соттук териштирүүгө берилген эки айлык мөөнөт аяктады. Буга байланыштуу судья соттолуучулардын бөгөт чарасын дагы эки айга узартты.

Жогорку сот быйыл 21-августта ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана Текебаев менен Чотоновду сот залынан бошоткон.

Иш райондук сотто эки ай мурда карала баштап, соттолуучулардын бөгөт чарасы үй камагы деп аныкталган.

Текебаев менен Чотонов «орусиялык жаран Леонид Маевскийден пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Айыптоочу тарап окуя 2010-жылдын 13-майында Бишкекте болгонун жүйө келтирген.

Сот жараянын эки саясатчы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин куугунтугу катары баалаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 32 = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: