Menu

Кыргызстанда кыңырылган миллиондор

Бөлүшүү:

Акыркы жылдары чет элдик жарандарга билим берген окуу жайлар жаандан кийинки козу карындардай эле жайнап чыкты. Алардын социалдык төлөмдөрдү, салыкты кандай төлөп жатканын сарэсеп салган киши жок. Жетекчилери айранды каалагандай чалып жаткан учур. Мына ушул маселени “Республика” партиясынын алдыңкы депутаттарынын бири Аида Исмаилова ЖКнын жалпы жыйынында айтып чыкты.

Депутаттын маалыматы боюнча, Кыргызстандан билим алган чет элдиктер чоң каражат төлөп билим алышат. Болжол менен айтсак 1 студенттин бир жылдык билим алуусу 150 миң сомго чейин жетет экен. Ошондо бизде канча чет элдик жаран билим алат? Алардын каражаттары кимдин капчыгын кампайтып жатат? Исмаилова мамлекеттик салык кызматына кайрылган. Колуна тийген маалыматка ылайык, Кыргызстан эл аралык университетинде Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына салыштырмалуу төрт эсе көп чет элдик жарандар билим алат дагы, бирок салыкты бирдей өлчөмдө төлөшкөндүгү анык болгон.

– Муну кандай түшүнсө болот? Казынада акча жок деп эле жүрөбүз, бирок жогорку окуу жайлардан миллиондогон акчалар бюджетке түшпөй жатпайбы, – дейт эл өкүлү.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 47 = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: