Menu

КСДПнын кийинки шайлоодо шансы жок

Бөлүшүү:

Бул тууралуу айрым эксперттер ой бөлүшүүдө. Алардын айтымында 30 жылга чукул карт тарыхы бар КСДП 2020-жылы боло турган парламенттик шайлоого азыркы курамда барса, анда шансы жок. Себеби партиянын экиге бөлүнгөнү, жүрүп жаткан сот процесстери, финансылык абалы жана дагы бир катар маселелер бар. Кыскасы, бул саясый партиянын келечеги бүдөмүк. Кырдаалды оңдош үчүн ребрединг жана көп башка кадамдарды жасоо керек. Азыр саясый аренада өлкөнүн баардык деңгээлдериндеги мыйзам чыгаруучу органдарга шайлангысы келген көп жаштар пайда болду. Алардын максаттары таптакыр башка. Азыр парламентке 80 пайыз жаңы, жаш адамдар келиши керек. Эң жок дегенде буга чейин Жогорку Кеңеште отурбаган кишилер келиши зарыл. Бул өтө маанилүү, себеби, парламентке баардык регионалдык элиталардын тартылганы кырдаалды турукташтырып, реформаларды баштоого мүмкүндүк берет.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 + = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: