Menu

Өкмөт аке калпты катуу айтат экен

Бөлүшүү:

Өткөн аптада Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева ундун наркы эки эсе жогорулаганы жөнүндө айткан. Айтып оозун жыйгыча Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүндөгүлөр андай эмес, мындай деп унга болгон бааларды тизмектептир. 2018-жылдын 1-октябрында республика боюнча 1-сорттогу 1 килограмм ундун баасы орто эсеп менен 23,7 сомду түзгөн. Учурда, 2019-жылдын октябрь айында республика боюнча 1-сорттогу 1 килограмм ундун наркы орто эсеп менен 28,1 сомду түзүүдө. Ошентип, бир жылдын ичинде биринчи сорттогу 1 килограмм ундун чекене баасы 18,4% га жогорулады. 2018-жылдын октябрь айында республика боюнча 2-сорттогу 1 килограмм ундун баасы орто эсеп менен 17,7 сомду түзгөн. Учурда, 2019-жылдын октябрь айында республика боюнча экинчи сорттогу 1 килограмм ундун наркы орто эсеп менен 20,3 сомду түзүүдө. Ошентип, бир жылдын ичинде 2-сорттогу 1 килограмм ундун чекене баасы 14,8%га жогорулады. Баага карата жүргүзүлгөн анализ ундун чекене баасы эки эсе жогорулады деген маалымат чындыкка дал келбешин күбөлөндүрөт дептир. Сөзсүз эле эки эсеге кымбатташ керекпи? 30%га кымбаттаганы чын да. Бул тууралуу кыргызстандык тегирменчилер бирикмесинин төрагасы Рустам Жунушов билдирди. Пенсияга 300 кошуп, ундун баасын 300 сомго кымбаттатып койдуңар. Ушул туурабы? Же Шаки, Төрөбаев, Турсунбеков баш болгон тегирменчилердин капчыгын кампайтайын деп жатасыңарбы? Антимонополия каякты карап олтурат?

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 81 = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: