Menu

Өзбекстанда мугалимдер кемсинткен өспүрүм өз жанын кыйды

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Кашкадарыя облусунун Карши районундагы магистралдык каналдан 15 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылды.

Маркумдун апасы менен классташтары анын каналга боюн таштоосуна мугалимдердин кемсинтүүсү себеп болгонун билдиришүүдө.

– Мугалимдер уулумду мектепке телефон көтөрүп баргандыгы үчүн жазалашыптыр. Ал күнү мен пахта тергени кеткем, күйөөм Орусияда. Ошондуктан инисин бала бакчадан ала келсин деп уулума телефон берип койгом. Аны мугалимдер көрүп калып, уулумду кемсинтип, ага жаман сөздөрдү айтып, телефонду тартып алышкан. Буга чыдабаган балам каналга секирем деп мектептен качып кеткен. Мугалими дароо мага телефон чалды. Каналдын жээгине барганыбызда анын китепкабын гана көрдүк, өзү секирип кеткен экен. Көп өтпөй куткаруучулар анын сөөгүн таап чыгышты, — деди өспүрүмдүн апасы.

Маркум окуучунун классташтарынын бири ошол күнү аны класс жетекчиси менен директордун орун басары катуу сабаганын билдирди:

– Класс жетекчибиз менен директордун орун басары аны мектепке телефон көтөрүп келгендиги үчүн сабашты. Алар аны жакадан алып, иш-чаралар өтө турган бөлмөгө алып кетишкен. Ал жактан көздөрү жашылданып, сол жаагы кызарып чыккан. Ага чейин мугалим аны кыздардын көзүнчө кемсинткен, — деди маркумдун классташы.

Жергиликтүү милиция бөлүмү менен райондук прокуратурадан өспүрүмдүн өлүмү фактысы боюнча тергөө иштери жүрүп жатканын билдиришти.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 62 = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: