Menu

Байлык эмне дегизбейт, жоктук эмне жегизбейт

Бөлүшүү:

2020-жылкы парламенттик шайлоо жакындаган сайын бир катар чиновниктерди кара пиардын карааны каптап жатабы же чындап эле ушундайбы ким билсин айтор, укмуштуудай маалыматтар тарай баштады. Маалыматтар боюнча “күнөөкөрлөр” ак же көк дешпей азырынча карманып турушат.

Алсак алгач эле бир кездери “Ак жол” партиясы менен депутаттыкка аттанып, кийин бийлик алмашып, ишенген Бакиевдери Кыргызстан куулуп, 2010-жылкы парламенттик шайлоодо Бабановдун этегине эрмешип “Республика” партиясы менен депутаттык мандатка жетип манчыркап, кийин шефи Бабановдун артынан бычак уруп “Өнүгүү -прогресс” деген партия түзүп, өзү менен кошо бир катар партиялаштарын артынан ээрчитип кеткен. Пахта койгонду мыкты өздөштүргөн Төрөбаев Атамбаев президент болуп турганда андан “бата” алганга да жетишкен. Атамбаевден алган дарысы көпкө жетти. Алтургай Жогорку Кеңештин төрагалыгына да ат салышып, Исаев экөө ит жыгылыш болуп калган. Акыркы мезгилде таскагы басандап, “эл менден тажаса саясаттан кетем” дегенге чейин жетти. Төрөбаевдин бул сөзү анын оппоненттерине майдай жакты көрүнөт. 2017-жылы президенттик шайлоонун алдындагы Бакыт Төрөбаевдин Талант деген бейтааныш адам менен телефон менен сүйлөшкөн аудиосун кайра-кайра социалдык тармактар аркылуу айландыра башташты. Ал аудио жазууда Төрөбаевдин Талантка:

“Бая Бакиевдерди кууп чыккандар ушул Сооронбайлар. Мына азыр президенттикке аттанып атат. Мен катышсам деле үчүнчү орун алмакмын, бирок азыркы бийликти утуу максатында Бабанов менен биригип жатам. Ал президент мен премьер болом. Ал айтты: “бири-бирибизди алдабайлык, мен президент сен премьер болосуң, байып калдың, мага түз кирип чыгасың, 1-декабрдан баштап премеьрдин даражасы жогорулап, бийлиги күчтүү болот. Экөөбүз бизнеси болсо – бизнесин, башкасы болсо – башкасын кылабыз, кадровый саясатын кошуп” – деди. Бизге оомат келди, ошол ооматты колдон алдырып жибербейли” – деп айтканы тараган.

Кийинки кара пиардын кайырмагына илинген Канат Исаевдин бир кездери Токмок шаарында мэр болуп турганда шаардын китепканасын ит бекер пулдап жибергени боюнча Ширин Айтматованын Үмүт-2020 иликтөөсүндө жарыяланды. Бул боюнча Кедейканович не дээр экен? Чындап эле мыйзамды бузуп сатып, олчойгон олжого туйтунганбы? Же кара пиардын курмандыгы болуп жатабы? Акыркы маалыматтарга таянсак Исаев ал китепкана боюнча “Азаттыкка” түшүндүрмө берип, бул маселени көтөрүп чыккан Айтматова менен Үмүт-2020 кыймылын сотко берерин, сотто актыгын далилдээрин айтыптыр. Убакыт тараза демекчи, баарын убакыт таразалайт.

Эми болсо кыргыз саясатында орду бар Текебаевдин аялы, Айгүл Текебаевага таандык делген мүлктөрдүн тизмеси жарыяланды. Өмүрбек Текебаевдин байлыгы 2010-жылдагы төңкөрүштөн кийин көбөйгөндүгү тууралуу коомчулукта айтылып келет. Анын жубайы Айгүл Текебаеванын атына базар баасы 150 миллион сомдон ашуун кыймылсыз мүлк катталган.

Алар: 1) Бишкек шаарындагы Фрунзе көчөсүндө жайгашкан № 402 үй. Анын жер аянты – 718 чарчы метр, курулуштун аянты – 517,7 чарчы метр. Бул имаратта мурда “Супер Инфо” гезитинин редакциясы жана “Сентябрь” теле каналы жайгашып келген. Имараттын базар баасы – 50 миллион сомго барабар.

2) “Орто-Сай” VІР-шаарчасында жайгашкан хан сарай. Жер аянты – 600 чарчы метр. Хан сарай пайдаланууга бериле элек. Имараттын базар баасы – 20 миллион сомго барабар.

3) Бишкек шаарынын Бөкөнбаев көчөсүндө жаqгашкан №11 Элиталык үйдөгү 24-121-батирлер, аянты 121 жана 121,9 чарчы метр. Ошондой эле 2015-жылы алынган унаа токтотуучу жай. Батирлердин базар баасы – 10,5 миллион сомго барабар. Ал эми унаа токтотуучу жайдын базар баасы – 1,5 миллион сомго барабар.

4) Бишкек шаарынын Баетов көчөсүндө жайгашкан №74 үйдөгү 19-батир, аянты – 64,1 чарчы метр. Батирдин базар баасы – 5,5 миллион сомго барабар.

5) Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Жаңы-Жол айыл өкмөтүнө караштуу Арал айылындагы Чычкан капчыгайында жайгашкан кичи-ГЭС. Аянты – 2 000 чарчы метр. Убактылуу пайдалануучу катары Айгүл Текебаева катталган.

6) Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Жаңы-Жол айыл өкмөтүнө караштуу Арал айылындагы Чычкан капчыгайындагы Элик тилкесинде жайгашкан “Таш-Там” кафеси. Жер аянты – 1 000 чарчы метр, курулуштун аянты 76,08 чарчы метр.

Булардан сырткары Айгүл Текебаеванын синдиси Төлөкан Турдуевага Бишкек шаарынын Тыныстанов-Баетов көчөсүндө жайгашкан, аянты – 300 чарчы метр болгон жер тилкеси катталган. МККда 16.11.2007-жылы № 307 сатуу жана сатып алуу келишиминде жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жашай турган үй деп катталып, Айдаралиев Жолдошбек Муканбетовичке 490 миң сомго сатылып кеткен.

Ал эми Райгүл Чаргыновага Бишкек шаарынын Калык Акиев көчөсүндөгү №99 4 кабаттуу үй катталган. Жер аянты – 439 чарчы метр. Келишим 2011-жылы белек катары катталган. Үйдүн базар баасы – 70 миллион сомго жакын.

Тимур Термечиков

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 84 = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: