Menu

Соттор эмнеге Атамбаев менен Сапар Исаковго келгенде өтө эле жумшактык кылып жатышат?

Бөлүшүү:

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу жөнүндөгү сурактарга таптакыр келбей, тергөөчүнүн чечимин аткарбай койгондугу үчүн Кой-Ташта ушул жылдын 7-8-августундагы окуялар келип чыккан. Ал УКМКнын СИЗОсуна камалгандан бери тергөөчүлөрдүн суроолоруна жооп берүүдөн да караманча баш тартууда.

Жакында А.Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу жөнүндө соттук алгачкы кароолор башталды эле, ага да келбеди, же соттук териштирүүлөрдү ансыз өткөрө берүү тууралуу макулдугун жазып бербеди. Эгерде айыпталуучу соттук процесстерге катышса, коюлган күнөөлөргө, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнө аргументтештирилген, ынандырарлык жооп айта албай, тескерисинче, өзүнүн абалын оорлотуп ала тургандыгына көзү жетсе, ага катышуудан баш тартканга укугу бар. Бирок, ал үчүн расмий түрдө соттук кароолорго катышуудан баш тарткандыгы жөнүндө тил кат жазып берүүсү зарыл. Катышкандан да, тил кат жазгандан да баш тартуу – жөн эле сотту сыйлабагандык, анын ишине атайылап жолтоо кылгандык катарында бааланат. Мындай учурларда соттун ал адамды процесске мажбурлаган түрдө алып келдиргенге укугу бар. Бирок, Алмаз Атамбаев сотту сыйлабаса да сот аны сыйлап, маймылдай кылып бакыртып-өкүртүп клеткага камап алып, сот залына алып келтирбей жатат.

Адвокатттары алдын ала макулдашып, ошондой тактикага өтүп алышканбы же “сыныктан башканын бардыгы жугуштуу” деген туурабы, айтор, мурда дайыма келип жаткан Сапар Исаков да 28-октябрда соттук кароого келбей, мажбурлап алып келишсе, темир торлуу машинеден түшпөй, конвойчуларды кыйнады. Аны көрүп, эртең башкалар да ошондой өнөрлөрдү көрсөтүп, резонанстуу сот иштерин атайылап создуктурууга аракеттениши толук мүмкүн. Анда соттук кароолор баш аягы көрүнбөгөн оюндарга айланып, аталган кароолордун гана эмес, жалпы сот системасынын бедели, аброю төмөндөп кетиши да ыктымал. Мындай көрүнүштөр эмнелерден улам жаралууда?

Биринчиден, бул аталган фигуранттардын мыйзамдуулукту таптакыр сыйлабастыгын, психологияларына укуктук нигилизм бекем орноп, ушул убакка чейин ооздукталбаган өзүм билемдиктерден улам өздөрүн мыйзамдардан жогору сезишип, өздөрүнө тиешеси жок нерселердей эсептеп калышкандыгын көрсөтсө, экинчиден, эмне дебейли, биздин укуктук системанын өтө эле либералдуулуктан улам алсыз болуп кеткендигин гана айгинелөөдө. Мыйзамдуулукту бузгандардын эч кимиси укуктук нормаларды сыйлашпайт, ошон үчүн аны бузушат, бирок аны ачык демонстрациялай башташса, укуктук өлкөлөрдө ким экендиктерине карабастан аларды тез эле эстерине келтирип коюшат. Алсак, АКШнын мурдагы президенти Билл Клинтон Моника Ливински менен кантип жакындашкандыгы жөнүндө түз телеберүүдө 7 саат сурак берип, бирде помидордой кызарса, бирде жыгылып кетчүдөй кубарып отуруп, тергөөчүлөрдүн ычкырыштан жөнүндөгү кычыткы суроолоруна да толугу менен жооп берген. Эгерде ал жооп берүүдөн баш тартса, же чакырган убакта келбей койсо, ошол күнү импичменттин процедуралары башталып аягы камак менен аяктамак. Цивилдүү өлкөлөрдө мыйзамдуулуктун философиясы гумандуу, бирок сот адилеттигин ишке ашырууга жолтоо кылгысы келгендерге, аны сыйлабагандарга карата аябагандай ырайымсыз. Алардын ким экендиктерине карашпай ошол замат катаал чараларды көрүшөт.

Бул жерде көңүл бурчу дагы бир нерсе, адвокаттар өздөрүнүн клиенттеринин абалдарын жеңилдетүү учүн мыйзамдагы бардык чараларды көргөнгө укуктуу. Бирок, бизде АША менен Сапар Исаков адвокаттарынын шыкактары менен тергөөчүлөрдун суроолоруна жооп бергенден, соттук кароолорго келгенден же ток этерин айтканда, укук коргоо органдары менен кызматташуудан караманча баш тартып жатышкандары жөнүндө да айтылып келатат. Эгерде адвокаттар өздөрү кесипкөй юрист болуп туруп, ошентишсе, клиенттерин мыйзамдарды бузганга шыкактап жатышса, аларга карата да тийиштүү чаралар көрүлүшү керек.

Эң акырында айтарыбыз, АША да, Сапар Исаков да күнөөлөрүн толук сезгенден, өздөрүн актаганга ынанымдуу аргументтери жоктугунан ошентип жатышкандай таасир калтырат. Чын эле өзүн күнөөсүз деп эсептеген, ага толук ишенген адам соттук кароолордон эмнеге коркмок? Тескерисинче, өз иши бир жаңсыл болуп жаткандыгына сүйүнбөйбү? Же алар СИЗОдо жаткан ар бир күн 3 күндөн эсептелет, баары бир узак мөөнөттөрдү ала турган болгон соң, бул жакта көбүрөөк жатканыбыз жакшы деп жатышабы? Ошондой болушу да ыктымал. Бирок, анда деле соттук адилеттиктин ишке ашырылышына ачык бут тосуу – өтө эле аша чапкандык болуп саналат. Анткени, сот акыркы чечимин чыгарганда ал жагын да сөзсүз эске алат.

Азирет Айдаров

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 − 84 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: