Ак төөнүн карды жарылган берекелүү күз быйыл республикабыздын аймагында ундун баасы өтө тездик менен өсүп жаткандыгы менен башталды. Мисалы, түштүк облусттарда бир кап ундун баасы 1800 сомго жетип калгандыгы айтылууда
Маалыматка ылайык, ундун баасы ал жакта дээрлик 300 сомго чейин көтөрүлүп кеткен.
Кыргызстандын ун өндүрүүчүлөрү муну Казакстанда буудайдын түшүмүнүн аз болгону менен байланыштырышууда.
Ал эми Бишкекте ундун баасы кымбаттаганы менен нандын наркы өскөн жок. Анткен менен Ош базарындагы айрым тандырчылар нандын баасын көтөрүү боюнча сөз козгоп жатышат.
Адистер ундун баасы октябрь айында 7 пайызга өскөн десе, статистикалык комитет болгону 3 пайызды көрсөтүүдө.
Монополияга каршы агенттиги болсо базардагы ундун баасына кийлигише албай турганын билдирүүдө.
Бирок бизге жеткен маалыматтар боюнча, быйыл Казакстанда күндүн ысыгынан эми быша баштаган буудай аянттары куурап, айрым бөлүктөрү күйүп кеткен. Экинчиден, кошуна өлкө унду экспортко көбүрөөк чыгарып жаткандыктан, баа көтөрүлүүдө. Айтор, арзан ун эми болбойт, андыктан мындан ары өзүбүз буудайды көбүрөөк экпесек, баурдастарга ишенүү кыйын болууда. Бир чети жылдык керектөөбүз 1,5 млн. тонна болсо, анын дээрлик 80%га жакынын Казакстандан алып, акчабыз да ал жакка агылып кетүүдө жана жергиликтүү дыйкандардын жерге жумшаган мээнети да акталбай калган.
Булак: «Майдан»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ