Menu

Сапар Исаков: “150 млн доллар Улуттук стратегияга шар эле кирип калган”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 30-октябрда Бишкектин Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБи боюнча кылмыш иши каралып, Сапар Исаков сурак берди.

“Мен расмий айтып коёюн,  кытайлык ТВЕА компания өкүлдөрүнүн бирин дагы тааныбайм. Мени алар менен сүйлөшүп алган деп, кылмыш ишке жок нерсени жазышкан. 2013-жылы январда туруктуу өнүгүү боюнча улуттук кеңештин жыйыны болуп, улуттук стратегия өнүгүүсү кабыл алынган. Ай сайын ар бир министрлик менен агенттиктер секретариатка  бардык маалыматтарды берип турушкан. Аны президенттик аппарат көзөмөлдөгөн. Азыркы президенттин тушунда жаңы стратегия кабыл алынды. Аны да президенттик аппарат көзөмөлдөйт. Улуттук стратегияга Бишкек ЖЭБин реконструкциялоо маселеси да кирген. 150 млн доллар да ал стратегияга дароо киргизилген, ал учурда “Электр станцияларында” 518 млн долларлык долбоор бар эле. 150 млн доллар стратегияга шар эле кирип калган” – деди Сапар Исаков.

Эске сала кетсек, 2018-жылы ЖЭБде авария болуп, териштирүү жүрүп, оңдоп-түзөө иштеринде коррупция аныкталып, бир топ адамга «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери менен айып тагылып, кылмыш иши козголгон. Бир гана мурдагы финансы министри Ольга Лаврова үй камагына чыгып, калганы камакта калган. Алар: экс-премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри, депутат Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Биримкулов.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 − = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: