Menu

Ысык-Көлдөгү кайсыл пансионаттарда тазалоочу жайлар иштебегени айтылды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 30-октябрда ЖК жыйынында Ысык-Көл облусундагы пансионаттардын 112синде  тазалоочу жайлар бар экенин, анын 84ү гана иштегени боюнча Мамэкотехинспекциянын директорунун орун басары Расул Артыкбаев маалымат берди.

Парламентте “КРнын Ысык-Көл аймагындагы биосфераны коргоо тармагындагы кээ бир мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланууда.

Вице-спикер Мирлан Бакиров көпчүлүк тазалоочу жайлар 1970-жылдары курулганын айтып, кайсылары иштебегенин сурады.

Расул Артыкбаев “Белый пароход», «Утес», «Архитектор», «Кыргызстан», «Камвольщик», «Агат», «Золотой требас», турбаза «Кырчын», «Алтын-Куль», «Элнуру», «Голубой Иссык-Куль» пансионаттарында тазалоочу жайлары иштебей турганын кабарлады. Ошондой эле акыркы жылдары 30 тазалоочу жайлар курулганын кошумчалады.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Экмат Байпакбаев («Республика – Ата-Журт») азыркы тазалоочу жайлар талапка жооп бербегенин айтты. “Тазалоочу жай деген аты эле бар. Бул мыйзам тазалоочу жайлары жок пансионаттардын жоопкерчилигин күчөтөт”, – деди.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: