Menu

Tashkent City курулушунда иштеп жаткан жумушчу 8-кабаттан кулап каза болду

Бөлүшүү:

Tashkent City комплексиндеги курулушта иштеп жаткан 21 жаштагы жумушчу тогуз кабат үйдүн сегизинчи кабатынан кулап кетип каза болду.

Күбөлөрдүн айтымында, окуя 27-октябрда болгон. Сырдарыя облусунун тургуну Алишер Турдибоев тогуз кабаттуу үйдүн сыртын сырдап бүтүп калганда кулап кеткен.

Маркумдун туугандары азырынча бийлик дагы, курулуш иштерин жүргүзүп жаткан Asia Trading City компаниясы дагы анын үй-бүлөсүнө компенсация төлөп бере электигин билдиришти.

— Балким кокустук болгондур, бирок бул анын күнөөсү эмес. Алишер ушул курулуштун айынан каза болду, — деди туугандарынын бири.

Asia Trading City компаниясы маркумдун үй-бүлөсүнө бериле турган компенсациянын өлчөмү тергөө иштеринин жыйынтыгында аныкталарын билдирди.

— Азыр бул иш боюнча Алмазар райондук ички иштер бөлүмү тергөө жүргүзүп жатат. Биздин кызматкерлер анын тажиясына барып келишти. Атасына, туугандарына бул боюнча маалымат бердик. Компенсация төлөп берүү маселеси каралып жатат, — деди компания кызматкери.

Tashkent city деп аталган эл аралык ишкерлик борбор Өзбекстандын баш калаасындагы 80 гектар аянтта курулууда. Аны 2021-жылдын аягына чейин бүткөрүү пландалууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: