Menu

Казакстанга июль-август айларында экспорттолгон 270 млн кВт/саат электр энергиясы азыр кайра кайтарыла баштады

Бөлүшүү:

Бүгүн, 30-октябрь күнү, Жогорку Кеңеште экономика тармактарын жана калкын 2019-2020-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча Өкмөттүн иши жөнүндө маалымат угулуп жатканда, депутаттар быйыл «Токтогул» суу сактагычында суу аз топтолгонун, ал жалпы электр кубатынын 40 пайызын берерин эске салышып, мындай абал кыш мезгилинде электр энергиясынын тартыштыгына алып келер-келбесине кызыгышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Улуттук энергохолдинг компаниясынын башчысы Айтмамат Назаров азырынча суу жетиштүү эле, эч тобокелчилик жок экенин билдирди. «Былтыр суу көп болуп, Өзбекстанга 750 млн кВт/саат электр энергиясы экспорттолгон, быйыл электр энергиясы экспорттолбойт. Ал эми Казакстанга июль-август айларында экспорттолгон 270 млн кВт/саат электр энергиясы азыр кайра кайтарыла баштады. Азыр анын 182 кВт/сааты келди, жакын арада калган бөлүгү да келет. Казак тарап транзит акысына 56 млн сом төлөдү», – деди ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: