Menu

Зилалиевдин таякеси сотто суралып, “Ордо” VIP-шаарчасындагы коттедж анын баласына кантип катталып калганына таңкалды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 30-октябрда Биринчи май соту мыйзамсыз байыган экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин кылмыш ишин кароону улантты.

Бүгүн сот күбө катары Д.Зилалиевдин таякеси Абдыбек Алыпсатаровго сурак жүргүздү. Күбө ал үй жөнүндө эч нерсе билбегенин, УКМКга сурак бергенде укканын айтты.

“Үй менин балама кантип катталып калганын билбейт экем. Ал чоң киши, программист  билими бар, ошол кесиби менен иштейт”, – деди. Мамлекеттик айыпкер “Ордо” шаарчасынан үй алганга акча каражаты болуп-болбогонун сураганда: “Акчасы деле жок болчу, так билбейт экенмин. Ал 33 жаштагы өз алдынча киши, эмне алып-коюп жатканын мага айткан эмес”, – деди.

Жактоочу Юля Богданова алгач, баласынын мүлкү, экинчи – батири жөнүндө суроо узатты: “Батир жөнүндө айтып берсеңиз, батир сиздин жубайыңызга катталыптыр, качан алдыңар эле?”

Күбө 2018-жылдын октябрында сатып алышканын айтты: “Октябрдын башында Текшербек Зилалиев акчага муктаж болуп жатышканын айткан. Биздин чогултуп койгон акчабыз бар эле, 1,2 млн сом берип, батирин сатып алганбыз. Батир 3 млн сомго бааланган, калган акчасын бере элек болчубуз”, – деп түшүндүрдү. Текшербек өзү чалып, акча сураганын кошумчалады. Дүйшөнбек Зилалиев: “Мен чалдым беле?” деп сурады эле, “Чалган эмессиң”, – деди. Д.Зилалиев кайра: “Балким менин атам Мамкаттоого батир меники экенин айткандыр?” – деп суроо узатып, күбө аны да четке какты.

Жактоочу Ю.Богданова күбөлөрдүн кирешелери тууралуу документтерди ишке тиркөөнү өтүнүч кылып, сот ага макул болуп, күбөлөр Т.Үмөталиева, А.Алыпсатаров жана баласы Нурбакыт Абдыбековдун кирешелери жөнүндө документтерди ишке тиркеди.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 + = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: