Menu

Гүлзинат Суранчиева, КРнын эмгек сиңирген артисти: “Жетекчи болгонумда тааныштардын мага болгон мамилеси өзгөрдү”

Бөлүшүү:

– Быйылкы күз эмнеси менен эсиңизде калды?

– “Жаз – жарыш, күз -күрөш” дегендей, бул мезгил мен үчүн абдан жемиштүү болуп атат. Ишенесиздерби, туугандарыма бармак түгүл, чалып сүйлөшкөнгө убакыт жок болуп жатат. Анткени, күз мезгили башталаарда эле чоң-чоң концерттерге балдарыбыз катышып жатышат. Жакында эле Азербайджан мамлекетинин Баку шаарында өткөн чоң эл аралык сынакта биздин мектепте окуган 4-класстын окуучусу 3-орунду ээлеп келди.

– П.Ф.Шубин атындагы музыкалык балдар мектебин жетектегенден кийин элдин же тааныштардын сизге болгон мамилеси өзгөрдүбү?

– Ооба, сени менен дос болуп жүргөн адамдар, бирге иштегендер мага жетекчи катары башкача мамиле кылып башташты. Анан өзүм мурдагыдай кандай мамиле кылсам, баарына ошондой бойдон калууга аракет жасадым.

– Аталган мектепке кандай өзгөртүү киргизе алдыңыз?

– Мектепте 8 бөлүм бар. Ошонун ичинен 2 чоң ансамбль ачтым. Азыркы учурда жолун таап, популярдуу болушту. Анан, 467 баладан турган чоң хор түзүлдү. Бул түзүлгөн топ ШКУда 12 президенттин алдында ырдашты. Биз үчүн бул чоң жетишкендик.

– Жетекчи болуу кандай экен сиз үчүн?

– Абдан кыйын, оор экен. Жетекчи болсоң башкарып, буйрук берип коюп отура берет деп ойлочу экенмин (күлүп). Өзүнүн түгөнбөгөн түйшүгү көп экен.

– Стилиңизди бат-баттан өзгөртүп турасызбы?

– Ооба, бат-баттан өзгөртүп турбасам, тажап кетем. 10 жылда бир өзгөргөн же өмүр бою бир калыпта жүргөн инсандарга таң калам. Буюрса, жаңы жылда дагы сонун стилде чыгам деп пландап турам.

– Жеке жашооңузга баш багалы. Кичинекей мамлекетте эмне жаңылык? Жолдошуңуз башка улуттан экенин билебиз. Өкүнгөн учур болгон эмес беле,“аттиң, кыргыз жигитин тандасам болмок экен”- деп?

– Жеке жашоом өз нугунда, шүгүр келтирем. Жолдошум болсо аябай жакшы жигит. Талаш-тартыш ар бир үй-бүлөдө болсо керек. Кайсыл бир учурда түшүнбөстүк болуп, экөөбүз чагылгандай чарт-чурт болуп кетебиз. Бирок, бат жазылабыз. Бардык жактан колдоп турат. Балдарыма жакшы ата.

– Өзүңүзгө канча деген баа кое аласыз?

– 4 деген баа (күлүп). Мен 5 деген санды багындырыш үчүн көп ийгилик жаратышым керек.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 86 = 92

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: