Menu

Икрамжан Илмиянов жана анын туугандарынын камакка алынган мүлктөрүнүн тизмеси. Укмуш эми!

Бөлүшүү:

Бүгүн, 30-октябрда, Октябрь райондук сотунда Алмазбек Атамбаевдин эң ишенимдүү адамдарынын бири, шоопуру Икрамжан Илмияновдун иши жыйынтыкталып, чекит коюлду. Бүгүн сот Дамирбек Назаров И.Илмияновдун күнөөсү далилденгенин айтып, 7 жылга кесилген, үй-мүлкүн конфискациялап, 160 миң сом айып салынган өкүмүн окуп берди.

Мындан тышкары, Илмияновдун жана анын туугандарынын Баткен жана Бишкек шаарындагы бир катар мүлктөрү, Сокулуктагы жер тилкелери менен машиналары камакка алынды. Караңыздар эми, Илмиянов кандай байып, мүлктөрүн кимдерге каттагандарын…

Илмиянов жана анын туугандарынын камакка алынган мүлктөрү:

Сатар Илмиянов (1957-жылы туулган)

– Баткендеги Лейлек районунун Катраң айылындагы турак үй;

– Баткендеги Лейлек районунун Кызыл-Дөң айылындагы жер тилке;

– Баткендеги Лейлек районунун Катраң айылындагы айдоо жер;

– Баткендеги Лейлек районунун Катраң айылындагы кайрак жер тилке;

– Баткендеги Лейлек районунун Катраң айылындагы көп жылдык дарактар;

– Баткендеги Лейлек районунун Катраң айылындагы жер тилке (№8 үй).

Илмиянова Урулха Илешовна (1956-жылы туулган)

– Баткендеги Лейлек районунун Катраң айылындагы көп жылдык дарактар.

Илмиянова Айсулуу Саттаровна (1977-жылы туулган)

– Баткендеги Лейлек районунун Катраң айылындагы көп жылдык дарактар;

Илмиянов Искендер Саттарович (1986-жылы туулган)

– Баткендеги Исфана шаарындагы турак үй.

Илмиянов Раимжан Саттарович (1981-жылы туулган)

– Баткендеги Лейлек районунун Катраң айылындагы жер тилке;

– Бишкектеги Алтын-Ордо конушунун Таш-Рабат көчөсүндөгү жер тилке;

– Баткендеги Лейлек районунун Катраң айылындагы көп жылдык дарактар;

– 2007-жылы чыгарылган «Лексус LX 470» унаасы;

– Сокулук районунун Студенттер айылындагы «Азияагро экспорт» ЖЧКсы;

– Бишкектеги «Аброр» чайканасы;

– Шопоков шаарындагы жер тилке;

– Шопоков шаарындагы картон завод.

Илмиянова Айбарчын Саттаровна (1983-жылы туулган)

– Сокулук районунун 3 айылындагы айдоо жерлер.

 Илмиянов Зулхайнар Саттарович (1988-жылы туулган)

– Сокулук районунун Фрунзе айылындагы айдоо жер;

– Бишкектин Ак-Өргө конушундагы жер тилке;

Анаргүл Шамурзаева

– Чүй, 245/1 дарегиндеги батир;

– Чүй, 245/1 дарегиндеги машина токтотуучу жай.

Абдыкапар Шамурзаев (1971-жылы туулган)

– Сокулуктун Студенттер айылындагы жер тилке;

– Сокулук районундагы жер тилке.

Абдыманап Бекматов (1979-жылы туулган)

– Сокулуктун Студенттер айылындагы жер тилке.

Мына окурман, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев шоопуру Икрамжан Илмияновду кызматтан кызматка көтөрүп, ага “Манас” орденин берип, анда да: “Кыргызстандын өнүгүүсүнө чоң салым кошкону үчүн” деп мактап берген эле. Мына көрдүк, өлкөбүзгө кандай салым кошконун… Сөзүбүз куру болбосун, факты менен айта кетсек, Икрамжан Илмиянов 2010-жылдан кийин Атамбаевдин кеңешчиси болуп, Атамбаев президент болгондон кийин президенттик аппараттын орун басары кызматына көтөрүлүп, Кыргызстандагы эң таасирдүү адамга айланган. Атамбаев президенттик тактыны тапшырарга аз калганда Икрамжан Илмияновду III даражадагы “Манас” ордени менен (2017-жылы ноябрда)  сыйлап кеткен.

Эске сала кетсек, Икрамжан Илмиянов Орусиядан кармалып, Кыргызстанга алынып келингенин УКМК 2018-жылы 20-октябрда кабарлаган. Ага Башкы прокуратура «Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык» беренеси менен иш козгоп, «жеке компаниялардын биринен 150 миң доллар акча  өлчөмүндө пара алган» деген айып койгон. Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал «БелАЗ» үлгүсүндөгү 12 даана машина камакка алынган белоруссиялык «Дизель комплект» компаниясына 150 миң доллар суммадагы каражатка жардам көрсөткөн. 2018-жылдын сентябрында «Дизель комплект» компаниясынын башкаруучусу Асел Чымырбаева Илмияновду жоопкерчиликке тартуу тууралуу арыз жазган. Ал эми прокурор болсо Илмияновдун күнөөсү толук далилденгенин билдирип, 7,5 жылга түрмөгө кесүүнү өтүнүп келген.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 − 10 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: