Menu

Кой-Таш окуясы боюнча мамкомиссия  мүчөлөрү бир пикирге келе албай жатат

Бөлүшүү:

Үстүбүздөгү жылдын 7-8-августунда Кой-Таш аялында болгон кандуу окуяларды изилдеген мамкомиссия бир пикирге келе албай, жыйынтыктоочу долбоорду иштеп чыга албай убара.

Клара Сооронкулованын айтымында, талаштуу учурлар өтө көп. Жыйынтык кандай болушу кажет: сунуш иретиндеби же баа берилүүгө тийишпи?

“Мунун бардыгы башынан эле комиссиянын макамы аныкталбай калганынан улам келип чыгып жатат. Эгерде  биз бийликке сунушубузду киргизе турган болсок, анда кызматтагы тараптардын жоопкерчилигин жазууга тийишпиз. Мен УКМК менен ИИМдин башчылары жөнүндө айтып жатам. Ким атайын операцияны жүзөгө ашыра албай калган, эмне себептен экенин аныктайбыз. Бардыгын Алмазбек Атамбаевге оодара берген болбойт. Анын жана тарапташтарынын аракеттерине баа бере албайбыз. Комиссия – бул тергөө органы же сот эмес. Укуктук баа берүүнү парламентке да өткөрүп бере албайбыз, ал биздин компетенция эмес. Анын үстүнө Жогорку Кеңеш өз сөзүн айтып, Атамбаевдин экс-президент макамын алып койгон”, – дейт Клара Сооронкулова.

“Анан жөн эле Кой-Таш окуясынын хронологиясын жыйынтыкка киргизүү да болбой калат. Биз жумушубузду дагы бир жумага улантышыбыз керек. Шашылбай туралы. Комиссиянын жыйынтыгы колдун келишинче объективдүү болуп, тергөөгө басым болгондой кабыл алынбоого тийиш”, – дейт Конситуциялык палатанын экс-соту.

Белгилей кетсек, мамкомиссиянын иши 1-ноябрда токтойт.

Эскерте кетсек, А.Атамбаев камакка алынгандан соң, өкмөт башчы мамлекеттик комиссия түзүп, 2019-жылдын 7-8-августунда Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында болгон окуяны изилдөөнү тапшырган. Анын курамына вице-премьер-министр Жениш Разаков, парламент депутаттары, өкмөт өкүлдөрү, коомдук ишмерлер жана эксперттер кирген.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 + = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: