Menu

“Азия Ньюска” 1 миллион сом айып пул салынды. Судья Тынара Абдиева министр Кашкар Жунушалиевдин “заказын” аткардыбы?

Бөлүшүү:

Урматтуу окурман! Ошентип, «Азия Ньюс» гезити боюнча дагы бир соттук териштирүү адилетсиз чечим чыгарды. Биздин аргументтер эске алынбай, бир жактуу чечим чыгышы, болгондо да 1 миллион сомду илип коюу акыйкатсыз!

Дегенибиз, ички иштер министринин ишиндеги кемчиликтер боюнча гезиттин 2019-жылдын 25-апрелиндеги санына «Кашкар крысабы?» деп аталган коллаж, «Кашаң Кашкар» деген жалпы тема менен ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин ишмердүүлүгү боюнча баа берген пикирлер жарыяланган. Ал эми 16-майда «Генерал Абдыкаровдун кадрларына күнү түшкөн Жунушалиев кетсин!» деген темада материал жарык көргөн. Бул материалдарга чычалаган Кашкар Жунушалиев Октябрь райондук сотуна арыз менен кайрылган. Доогер К.Жунушалиевдин арызын Октябрь райондук сотунун судьясы Тынара Абдиева карап, «Жөн жерден бутуңузга «каблук» кийбейт экенсиз да, аа?.. «Кашкар крысабы?» жана «Кашаң Кашкар» деген сүйлөмдөрдө жана сөздөрдө доогер Жунушалиевдин ар-намысын жана кадыр-баркын кемсинткен лингвистикалык белгилер бар» деген КР өкмөтүнө караштуу мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынын эксперти Ж.Семенованын тыянагына таянып, ишти доогердин пайдасына чечип, “Азия Ньюс” гезитине 1 миллион сом айып пул салып отурат.

Маселе министрдин ишиндеги кемчиликтерде эмес, жогорудагы сөздөрдө экен. Көрсө, министрдин ишиндеги кемчиликтер чын экен да, жогорудагы сөздөр жалган экен. «Кашаң» деген сөз малга карата айтылат экен да, адамдын ишине карата айтса болбойт экен. Таппасаң сыйпалап кал! Анда эмне үчүн «жоош бала», «жоош уй» деп айтылат? Тексте «Эй, жолдош министр» деген сөз айкашы бар, аны эксперт Ж.Семенова «эй» деп министрге кайрылуу, аны теңине албоо болуп саналат» деп түшүндүрөт. Эксперт көркөм-публицистикалык стилдеги материал менен иши болуп жатканын унутуп, тилдин эрежелерин да эсинен чыгарып, министрдин алдында бүжүрөп тургандай сезип жазган окшойт тыянагын, болбосо «эй» деген сөз бул жерде каратма сөз катары эле колдонулуп жатат, андан кыйкым издештин өзү туура эмес. Алыкул «Эй Россия, бир боор энем» деп бой көтөрүп жазган» деп Ж.Семеновага окшоп чечмелесек тескери болуп калат да. «Ишенген кожоң сууга акса, алды-алдынан тал карма» дегендей эле кеп. Ушундан улам тил боюнча эксперт Ж.Семенованын компетенттүүлүгү бизди шек санатууда жана анын материалды үстүртөн талдаган, бир жактуу караган тыянагына таянып чечим чыгарган Октябрь райондук сотунун судьясы Тынара Абдиеванын чечими менен биз макул эмеспиз. Адилеттик биз тарапта экенине ишенебиз. Деги соттор качан оңолот? «Сөз эркиндигин сындырабыз» деген Бакиев, Атамбаев бийлигинин арты кандай бүткөнүн көрүп атабыз. Эгерде мындай өкүм зордук токтобосо аягы аянычтуу бүтөт. «Зордун түбү кор» дейт.

Суроо: Тынара Абдиева «жең ичинен» министрдин «заказын» аткарып койдубу? Бул маселе боюнча кеп али алдыда болот…

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 + = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: