Menu

Исхак Масалиев, ЖКнын депутаты: “Үч айдан кийин ЖКда иш токтоп, май айынан баштап шайлоого даярдык кызыйт”

Бөлүшүү:

– Исхак мырза, депутат Алтынбек Сулайманов патентти жоюуну сунуштап чыкты. Бул туура маселеби?

– Жок, азыркы тапта патентти жокко чыгаруунун кажети жок. Санариптештирүүгө толук кандуу өтсөк, баары онлайн режимде иштеп, ачык-айкын көрүнүп турат эле. Ансыз болбойт. Негизи, мамлекет элдин келечегине, ишмердүүлүгүнө шарт түзбөгөндөн кийин, айла жок патенттештирүү кадамына барганбыз. 2006-жылдан бери патент системасы иштеп жатат. Кемчиликтер бар болсода, азыр жоюп салууга болбойт.

– Шайлоо босогосун 5 пайызга түшүрүү керектиги боюнча сунуш коомдук талкууга чыкты. Канчалык деңгээлде колдоо табат жана эмнени чечет?

– Үмүт бар. Коомчулукта маанай ачык. «Босого чекти төмөндөтүү керек» деген суроо-талаптар арбын. Болбой эле, эч кимди укпай эле монополия кылганга аракет көрүлүп жатпайбы. Мындай иш жарабайт. Биз, кыргыздар өзүбүздүн элдин менталитетине, аң-сезимине дал келген система менен эле шайлоого барышыбыз керек. Саясый партияларга күрөшкөнгө, аракет кылганга мүмкүнчүлүк берилиш керек.

– Парламент күтүүсүздөн тарап кетпейби? баштап байгеге даярдык кызыйт. белгисиз партия деле утуп келет.

-120 депутат бар. Биринин да «мандатымды тапшырам» деген ниети жок. Ал жөн гана тарашына кызыкдар болгондордун чыгарган ушагы, же алардын биринчи максаты депутаттарды коркутуу, экинчиден, элге жагынуу аракети болсо керек. Журналисттер, силер болсо божомолду таратып атасыңар. 2020-жылга чейин бир эле жыл калды, саясый өнөктүктөр өз мөөнөтүндө болгону жакшы. Үч айдан кийин ансыз да ЖКда иш деле токтойт. Майдан баштап байгеге даярдык кызыйт.

– «Кийинки шайлоодо кимдер келе турганы белгилүү болуп калды, ошол себептен 9 пайыздык чек түшпөйт» деген да кептер бар…

– Кийинки шайлоодо кайсы партиялар келерин алдын ала эч ким айта албайт. Себеби, бизде – Кыргызстанда идеологиянын негизинде түзүлгөн 2-3 гана партия бар. Калганы майда-барат партиялар. Ошондуктан, бир ай калабы, эки ай калабы, эгер акчасы көп болсо, аты-жыты белгисиз партия деле утуп келет.

– «Шайлоо акча менен гана өтөт» дейсизби ошондо?

– Акча менен өтөт да. Акчасыз эч кандай шайлоо өтпөйт. Айрыкча байларга акчасыз эч ким добуш бербейт. Эл шайлоолордо байлардын акчасын күтүп жашашат. Бирок, эң өкүнө турганы – карапайым эл өзүнө окшогон колунда жок, акчасы жок адамдарга добуш бере алышпаганында. Ошонусу жаман.

Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: