Menu

Генерал Курсан Асанов элдик инсан экени далилденүүдө

Бөлүшүү:

1-ноябрда милициянын кесиптик майрамы күтүлүүдө. Иралды, биз саясый куугунтукка алынган ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асановду куттуктап, ден соолук, бекем кайрат каалайбыз! Бул күндөр да өтөт…

Аз күн мурун 15 чакты саясый элитанын каймактары Курсан Асановду колдошуп, президентке кайрылуу жолдошту. Эң башкысы, алар чыныгы генералга жасалып аткан кыянаттык иштерге кайдыгер карап тура алышпай, козголгон кылмыш иштери адилет, мыйзамдын алкагында каралышын суранышты. Андан сырткары да коомчулуктагы абройлуу инсандар Курсан мырзаны колдоп келатышат. Себеби, элдин көзү көрөгөч эмеспи. «Кызмат абалын кыянат пайдаланган, чыккынчылык кылган» деген жарлыктар менен але ар нерсени токуй берсе болобу? Атамбаевди үйүнөн алып чыгууда Асанов эч кан төгүүсүз, сүйлөшүү жолу аркылуу иштин өтөөсүнө чыкты да. Ошол учурда «Кашкар, сен да быяктасыңбы?» деген экс-президенттин сөзүн укпадыкпы. Министр ылдыйкы кабатта эле жүрүптүр го? Анан ошого чычалап, кек сактоо кайсы логикага сыймак эле?..

Ток этери, убакыттын өтүшү менен генерал Асанов элдик инсанга айланууда. Коомчулук анын ишмердиктерин колдоп, «ириген» ИИМди жектеп атпайбы! Мындан өткөн дагы эмне керек?

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 + = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: