Menu

Кожобек Рыспаев: “Уранды иштетип, калдыгын шаардын ортосуна таштап коё турган болсок, элдин ден соолугу кандай болот?”

Бөлүшүү:

 Кожобек Жайчыбекович, бүгүн палатада уранды иштетүү маселеси боюнча аябай катуу талаш жүрдү. Бул боюнча сиздин позицияңыз кандай?

– Мен негизи уранга каршымын. Биз кен байлыктарга бай мамлекетпиз. Эгер уран радиациялык фондун нормасында казылып атса, анда зыяны жок. Бирок, казуу учурунда эч ким кепилдик бере албайт, радиациялык фон аябай көп болуп кетиши ыктымал. Ал адамдардын өмүрүнө аябай чоң зыян келтирет. Албетте, «уранды иштетүүгө тыюу салсак Кара-Балта комбинаты жабылып калат, экономиканы да ойлойлу» деген да пикирлер айтылды. Бирок, дүйнөлүк коомчулук бекеринен «акча бөлүп берели, рекультивация кылыш керек» деп кооптонуп аткан жери жок да. Ошон үчүн мен аны иштетүүгө тыюу салган туура эле деп ойлойм.

 Кесиптештериңиз туура айтышты, азыр уран көмүлгөн жерлерди коопсуз абалда кармап туруш үчүн эле жылына он миллиондогон сом акча кетет экен.

– Союз учурунда бийлик күчтүү болгон, элдин эрки менен эсептешпей эле уранды иштетип, калдыктарын көмүп коюп кетип калган. Аны рекультивация кылыш үчүн бүгүн канчалаган акча керек болот. Анын арасында өтө кооптуу жерлери бар. Мисалы, Миң-Кушта суу алып кете турган жерлер бар. Ушундай жерлерди биринчи кезекте бетондоп, үстүнө топурак сээп, чөп өстүрүп коюш керек. Анан биз уранды дагы иштетип, кооптуу жерлерди дагы көбөйтсөк, ага каражат кайда? Бүгүн Бакирдин Субанбеков туура айтты, союз учурунда Кара-Балтанын элинин ден соолугун текшерип, оорунун алдын алып турушкан. Бүгүн андай текшерүү, андай профилактика жок. Уранды иштетип, калдыгын шаардын ортосуна таштап коё турган болсок, элдин ден соолугу кандай болот?

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: