Menu

Депутат Ирина Карамушкина: “Алмазбек Атамбаевдин балдарын куугунтуктаганыңарды токтокула!”

Бөлүшүү:

Ушинтип 31-октябрда ЖК жыйынында депутат айым кайрадан безилдеп чыкты.

Анын айтымында, Атамбаевдин балдары – ийгиликтүү бизнесмендер экен, “Кыргызавтомаш” ААКсынын өндүрүшүн жолго салышкан, бирок азыр ишкананын активдери камакка алынып, документация алынып, жумуш токтоп калган. Мындай абал “Медиа Форумда” экенин да кошумчалады.

“Атамбаевдин компаниясы салык түрүндө казнага 25 млн сом төккөн. Азыр эл деле түшүнүп калды, бүгүнкү бийлик Алмазбек Атамбаевдин кылган жакшы иштеринин баарын жокко чыгарганы жатат. Кыргызстан Кокон хандыгы эмес, өлкөгө мыйзамды кайтарып бергиле. Мурдагы өлкө башчы бийликте турганда бир дагы тууган-туушканы мамлекеттик кызматта олтурган эмес”, – деди Ирина Карамушкина.

Алмазбек Атамбаев өзгөчө оор кылмыштар боюнча айыпталып жатат: укук коргоо органдарына күч колдонуу, киши өлтүрүү, кишилерди барымтага алуу, массалык башаламандык уюштуруу, коррупция.

Ал эми Ирина Карамушкинанын өзү 7-августта Кой-Таштагы окуяда кишилерди барымтага алуу боюнча айыпталууда. Соттун чечими менен азыр үй камагында.

Булак: KyrgyzToday.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 + = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: