Menu

Мухаммедкалый Абылгазиев 2020-2030-жылдарга карата Жаштар саясатынын концепциясын жүзөгө ашыруу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев буга чейин жактырылган 2020-2030-жылдарга карата Жаштар саясатынын концепциясын жүзөгө ашыруу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчы жаштар мамлекетти өнүктүрүүнүн стратегиялык ресурсу, алар зор социалдык-экономикалык, маданий жана илимий дараметке ээ экенин белгиледи.

«Жаштар иш жүзүндө коомду өзгөртүүнүн объекти болушу керек, анткени алар экономикалык өсүштүн жана мамлекеттин бакубатчылыгын камсыздоонун баа жеткис кадрдык ресурсу болуп саналат. Өлкөдө жаштар саясаты чөйрөсүндө стратегиялык документтер бир нече ирет кабыл алынган, бирок алар тармактык мүнөзгө гана ээ болуп, комплекстүү түрдө жүзөгө ашырылбай келген», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ал жаштарды коомдук-саясий ишмердүүлүк менен камтуу, мисалы, алардын саясий партияларга катышуусу жана мамлекеттик институттар менен өз ара кызматташуу деңгээли анча жогору эмес экенин баса белгиледи.

Анын айтымында, жаштар саясий ишмердүүлүктө өздөрүнүн орду жок жана алардын укутары менен эркиндиги толук кандуу камсыздалган эмес деп эсептешет.

Премьер-министр ошондой эле республиканын билим берүү жана илим тармагында бир нече көрсөткүчтөр боюнча жаман эмес натыйжаларды көрсөткөнү менен болгону 62,2% түзгөн жаштарды билим берүү менен камтуунун жалпы көрсөткүчтөрү сыяктуу маселелер актуалдуу бойдон калып жатканын белгиледи. Тагыраагы 37,8% жакын жаштар мектептерде, кесиптик лицейлерде, колледждерде окушпайт.

Орто жана жогорку кесиптик билим берүү тутумунда мугалимдердин квалификациясынын жетишсиздиги, жаңыланууга жана капиталдык оңдоого муктаж билим берүү жана өндүрүштүк инфраструктуранын абалы, мектептерде билим берүүнү маалыматтык камсыздоонун жетишсиздиги сыяктуу көйгөйлөр бар экени да айтылды.

«Жаштар менен иш алып барууда маданият тармагы кыйла опурталдуу чөйрө болуп саналат. Статистика боюнча, жаштардын 16% гана китеп окушат же театрга, музейге, көргөзмөлөргө барышат. Биз акыркы жылдары сезимдүү жаштардын саны өсүп жатканына күбөбүз, бирок кырдаал кыйын бойдон калууда. Жаштардын ден соолугуна мамлекет тараптан дагы, өздөрү дагы көбүрөөк көңүл буруусу керек. Жаштардын көпчүлүк бөлүгү өзүнүн саламаттыгына кам көрбөйт», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Анын айтымында, өзүн-өзү өнүктүрүү, маалыматтык агартуучулук жана жарандык активдүүлүк максатында коомдун өнүгүүсү үчүн жаштардын Интернеттин мүмкүнчүлүктөрүн – өзүнчө алынган «санариптик дивиденддерди» өздөштүрүү маселеси өзгөчө көңүл бурууну талап кылат.  Жаштардын 26% гана Интернетти билим берүү ресурстарынын жеткиликтүү болушу үчүн колдонот, 26,8 % – жаңылыктар жана маалымат ресурстары үчүн, 5,7 % – мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн пайдаланат.

Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, санариптешүү боюнча мамлекет тараптан көрүлгөн аракеттерди эске алуу менен, бул чөйрөгө өзгөчө көңүл бурулушу шарт.

Премьер-министр дагы бир жолу мамлекеттик жаштар саясаты барынан биринчи адамдын дараметин өнүктүрүү, мамлекеттин жана коомдун өнүгүүсүндөгү негизги ресурс катары жаштарды калыптандыруу үчүн аларга мүмкүнчүлүктөрдү берүүгө багытталышы шарт экенин баса белгиледи.

Өкмөт башчынын айтымында, мамлекет саясат, экономика жана социалдык чөйрөдөгү жаштардын демилгесине дем берип, алардын өзүнүн ден соолугуна, ата-бабалардын мурасына, курчап турган чөйрө менен өз ара аракеттенүүсүнө жоопкерчиликтүү мамилесин калыптандыруу керек.

«Жаштардын демилгелерин колдоо чаралары жана айрым категориядагы жаштардын социалдык ыңгайлашуусу боюнча бирдиктүү система түзүлүшү шарт. Жөндөмдүү, өзгөчө, таланттуу жаштардын өнүгүүсүндөгү мамлекеттин инвестициясына өзүнчө программа, механизм жана моделдерди иштеп чыгуу жана ишке киргизүү зарыл.  Ошондуктан, бул Концепцияны жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын деталдуу Планын иштеп чыгууну тапшырам. Ал бардык мамлекеттик органдардын, жаштар лидерлеринин жана эл аралык өнөктөштөрдүн активдүү катышуусунда даярдалышы кажет», – деп Мухаммедкалый Абылгазиев сөзүн жыйынтыктады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: