Menu

Азимбек Бекназаров премьер-министрди, ЖК депутаттарды эски аянтка чакырды. Экс-депутат эмнени баштаганы калды?

Бөлүшүү:

24-ноябрда, Эски аянтта «Элдик талкуу» өтөөрүн активист жаран Айбек Мырза бүгүн, 31-октябрда билдирди.

Анын айтымында, “Элдик талкуу” боюнча мурдагы депутат, мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаров мекендештерге кайрылуу жасаган.

Ал кайрылууну эч өзгөртүүсүз беребиз. Ал төмөндө:

Урматтуу Мекендештер!

Ѳткѳн жумада: «Кеп 9 же 3 процентте эмес…», – деген Курултайдын чечимдерин Аткаруу Комитетинин кайрылуусу чыккандан кийин Жогорку Кеңештин бир нече депутаттары шайлоо босогосун 9% дан 5%га түшүрүү мыйзам долбоорун токушуп, Жогорку Кеңешке киргизип, коомдук талкууга да чыгарып жиберишти.
Ал эми ушул эле депутаттардай мыйзам демилгелегенге Конституциялык укугу бар 10 миңден ашык шайлоочулардын демилгелеген мыйзам долбоору 4 айдан бери Жогорку Кеңеште каралмак тургай, айтылбайт дагы …
Аргабыз кетип, Президенттик деңгээлде бир нече жолу ал мыйзам долбоорун кароо кѳтѳрүлсѳ да тымтырс…
Элдик демилге менен даярдалган мыйзам долбоорунда бийликтин бирден-бир бутагы, эгемендиктин ээси болгон эл:
« – Сен башкаруунун кайсы түрүн колдойсуң? – Президенттикпи же Парламенттикпи?
– Жогорку Кеңештин депутаттарын түз, тике шайлоону каалайсыңбы (бир мандаттуу шайлоо округдарынан) же партиялык тизмеге добуш бересиңби (100% партиялык тизме)
– Президенттен тартып, айыл Ѳкмѳт башчысына чейин, ар жылдык аткарган иши боюнча жыл сайын Курултайда отчет берүүсүн колдойсуңбу? » – деген үч суроо койулган.

Элдин тандоосунан кийин, ошого жараша Жогорку Кеңеш Конституциялык реформага барат. Элдин тандоосунан кийин жүргүзүлгѳн реформа Президенттин же башка саясий тар чѳйрѳнүн мамлекеттик бийликти ѳздѳрүнѳ ылайыктап түзүшүнѳ, бийликти узурпация кылышына жана ѳлкѳдѳгү Президенттик мыйзамсыз жеке башкарууга бѳгѳт болот деген ойдобуз.
Азыркы Бакиевдик бийлик Жогорку Кеңешти мекчиктештирүү максатында киргизип кеткен Жогорку Кеңешке болгон 100% партиялык тизме менен шайлоо системасы азыркы Конституциянын 2-б. бекитилген шайлоо принциптерине эле каршы келбей, адам укугун да бузат. Эгерде сен Жогорку Кеңештин депутаты болом десең, милдеттүү түрдѳ бир саясий партиянын тизмесине киришиң керек, ал эми тизме чѳнтѳгүңѳ жараша түзүлѳт. Болбосо депутат боло албайсың! Ал эми шайлоочу ѳз депутатын түз, тике тандап алалбайт. Ал болгону партиялык тизмеге добуш берет!
Президент каалаган саясий партия, анын тизмеси тазаланып, анан депутат аныкталат. Парламент улам жаңы келген Президенттин жеке менчик Парламентине айланып турат. Ѳлкѳдѳ саясий коррупция ѳнүгүп, «саясий сойкулар» саясатта кѳбѳйүүдѳ. Саясатта да бизнес, бизнесмен – саясатта! Ушундай саясий системасы бар ѳлкѳнүн эч качан келечеги болбойт.
Биз, – демилгечи топ – мындай саясий системага каршыбыз жана шайлоо системасын кошуп, аны эл тандасын, ар бир бийликке келген тар чѳйрѳ ѳздѳрүнѳ ылайыктап чечпесин деп жатабыз. Аны биз депутаттар сыяктуу эле Конституциялык укугубуздун чегинде, мыйзам жазуу, кол топтоо жолу менен Жогорку Кеңешке сунуштаганбыз. Алар мыйзам, Конституцияны бузушуп элдик демилге менен биз киргизген ал мыйзамды карамак тургай, ѳздѳрүнѳ окшотуп, коомдук талкууга да койбой жатат. Эмне кылуу керек? «Жогорку Кеңеш кетсин!»,- деп кѳтѳрүлүшкѳ чыгалыбы? Жок!
Биз дагы Конституциялык укугубуздан пайдаланып, ѳзүбүз киргизген мыйзам долбоорду коом алдында талкуулоо максатында, 2019-жылдын 24-ноябрында эски аянтта, В.И. Лениндин эстелигинин алдында элдик талкууга коебуз. Мындай кадамга биз Жогорку Кеңеш, биздин Конституциялык укукту бузгандыгына байланыштуу аргасыз барып жатабыз. Бизде ачык асман астынан башка Жогорку Кеңештин депутаттарындай мүмкүнчүлүк жок.
Биздин элдик талкууга Жогорку Кеңеште 4 айдан бери каралбай жаткан, элдик демилге менен киргизилген жогоруда аталган мыйзамды жана жаңыдан даярдалган «Кыргызстандын кен-байлыктарынын 51% кем эмеси Кыргызстандын элинин үлүшү экенин» тааныган бир нече мыйзам долбоорлорду чыгарабыз.
Бул элдик угууга Президенттик аппараттан жооптуу кызматкерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары, КР Ѳкмѳт башчысы М. Абылгазиев – персонально, ж.б. Ѳкмѳт мүчѳлѳрү, коомдук-саясий ишмерлер, ММК ѳкүлдѳрү расмий чакырылат.
Келгиле, элдин башын «оорутпай», эл алдында кѳзмѳ-кѳз талкуулашалы. Элибиз бир, Ѳлкѳбүз бир! Айрымабыз кимибиздин мыйзам долбоор кимдин кызыкчылыгын кѳздѳйт! Кеп, ошондо эле
!»,- демилгечи топтун атынан Азимбек Бекназаров деп бүтүрүп, алдына байланыш телефондорун калтырган.
Байланыш телефондор: 0778858509, 0777543028

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 26 = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: