Menu

Айтматова аман калар бекен?

Бөлүшүү:

Экинчи бийлик алмашуу болгондо “Ата Мекендин” башчысы Өмүрбек Текебаев тизмесине “жаңылык” киргизгенин билебиз. Ток этерин айтканда дүйнө окурманына таанымал Чыңгыз Айтматовдун кызы Ширинге мандат алып берип ак үйдүн сыйлуу орунуна отургузган. Эми бул ишеничти ал кандай актай алганы элдин таразасында болсун. Ошентсе да айтылуу жазуучунун кызынын парламентте отурушунун өзү кыйла резонанс жаратканы ырас.

Антсе да алтынчы чакырылышта Ширинди Жогорку Кеңештен көргөн жокпуз. Чамасы үй-бүлөөлүк иштери менен алек болсо керек. Жакындан бери Ширин кыз коомчулуктун алдына чыга баштады. Ал тургай өлкөдөгү таасирдүү адам катары белгиленген Раим Матраимовдун дарегине куйкумдуу “сценарийлерди” чаптаганга жетишти. Миллиардердин эшигин аңдып оокатын кылгандар жабыла чыгып “үрүп” калышты. Антпесе ашказан маселеси туюкка кептелет да, ботом. Андан кийинки “долбоору” Канат Исаевге багытталып кыйла талкуу жаратты. Көрсө Токмоктогу тарыхый тизмеге кирген китепкананы жок кылууга ошол кездеги шаардын мэри өз “салымын” кошуптур. Ошондон улам эки тарап соттошкону калды окшойт. Ак үйдөн колдоо тапкан кишиге атактуу жазуучунун кызынын тиши өтөбү, белгисиз. Анткени кимдин “булчуңдары” кубаттуу, капчыктары кабелтең болсо соттор ошолорго ыктап коерун тана албайбыз да, же мунун жалганы барбы? Айтор, Ширин аман калар бекен? Же “тумшуктууларга жем” болуп кетеби?

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: