Бүгүн, 31-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы отурумунда депутат Бакыт Төрөбаев Кыргызстанда бир жыл ичинде ооруп, дарыгерге кайрылгандардын саны 1,5 млн адамга жеткенин айтты.
«Бир жылда 1 млн 584 миң адам жаңы диагноз менен дарыгерге кайрылган. Статистика өсүп жатат. Кыргызстандагы эң көп катталган оору: жүрөк, кан тамыр оорусу менен ооругандар 50 пайызды түзөт. Өпкө, рак, кант диабети да өсүп жатат. Бешинчиси — жаңы пайда болуп жаткан депрессия. Бүгүнкү күндө кыргызстандыктардын 25 пайызы депрессия болуп жатышат», – деди.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ