Menu

Сайдулла Нышанов, ЖКнын депутаты: “Өкмөт гемодиализ менен камсыздоону толук өз мойнуна алды”

Бөлүшүү:

– Сайдулла Канболотович, гемодиализ маселеси чечилчүдөйбү?

– Кыргызстан боюнча баарын өкмөт колго алды. Гемодиализдин бир курсу 5 миң сомго жетпейт. Мурун токтомдо «бир айда 12 жолу» деп жазылып калган. Бирок, кээ бир айларга 31 күн болуп калганда он үчүнчүсүн да алыш керек болот. Ушул маселе чечилбей калган экен. Ошондуктан, биз оңдоп-түзөп, өкмөткө тапшырма бердик. Алар да дароо колдоп, «1 миллиард сомдон ашыгыраак акча бөлүндү, каржы бар, биз бул маселени чечебиз» дешти. Бирок, тилекке каршы, прогноз боюнча кант диабетинен, экологиянын бузулушунан улам жылына 350дөй жаңы адамдар кошулуп турат экен.

– Ошондо «өкмөт кезекке тургандардын баарын акысыз гемодиализ менен камсыздайт» деп айтсак болобу?

– Ооба, өкмөт баарын өз мойнуна алды. Кезекте турган адамдар кайсы жерде ыңгайлуу болсо, ошол жерден алганга макулдугун берет. Эң башкысы, мамлекет каржы жагын чечти. Мамлекеттик ооруканадан алса дагы, жеке ооруканадан алса дагы мамлекет төлөп берет. Жогоруда айттым го, кээде 13 жолу алганда 10 миң сом болуп калат экен. Бейтаптын чөнтөгүнө оордук кылбасын деп, биз аны да чечип бердик.

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: