Menu

Бишкекте Патрулдук милиция кызматы ишке кирди

Бөлүшүү:

Бишкекте бүгүн, 31-октябрда Патрулдук милиция кызматы ишке кирди. Биринчи баскычта аталган кызматка 600 киши сынак аркылуу тандалып алынды. Алар эми 56 машине менен коомдук тартипке жана жол кыймыл коопсуздугуна көзөмөл жүргүзөт.

Жаңы кызмат шаардык милициянын Жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы менен Патрулдук кайгуул кызматын бириктирүү аркылуу негизделди.

Алгач бул долбоор 2019-2020-жылы пилоттук негизде баш калаада ишке ашып, системалуу талдоо жүргүзүлгөндөн кийин республиканын башка аймактарында да иштей баштай тургандыгы айтылган.

Патрулдук милицияга иштегиси келгендер алгач тандап алуу боюнча тест тапшырып, экинчи баскычта окуп жана түшүнүү сынагынан өтүштү. Андан соң ден соолугу текшерилип, физикалык жактан даярдыгы каралды.

Бишкекте ушул эле күнү «Командалык борбор» да иштей баштады. Анын алкагында шаарга адамдын жүзүн тааный турган 60 видеокамера орнотулду. Аталган борбордун максаты – кылмыш болгон жерге ыкчам чыгуу, коомдук коопсуздукту, жол коопсуздугун камсыз кылуу.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 + = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: