Бул тууралуу 31-октябрда Орусия Федерациясынын эл аралык маданий кызматташуу боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой бүгүн Бишкекте өткөргөн басма сөз жыйынында билдирди.
Ал эмдиги жылы Орусия жана Кыргызстан үчүн кесилишип турган жакшы жыл болорун айтты. Анткени бир катар маданий, илимий, экономикалык иш чаралар өткөрүлмөкчү. Азыр программаларды сүйлөшүп жатышыптыр.
“Кыргызстанда эки өлкөнүн окуу жайларынын ректорлорунун форуму чоң ийгилик менен өттү. Мнеимче, Кыргызстандан барган студенттерге берилген квота көп эмес. Эмдиги жылы квотаны көбөйтсөкпш деген тилектер бар. Кантсе да кыргызстандыктардын Орусияда окууга дилгир болгондор оголе көп”, – деди Михаил Швыдкой. Ошошндой эле студенттер жана мугалимдер менен алмашуу да каралып жатканын кошумчалады.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ