22-октябрдан 23-октябрга караган түнү Бишкектин четиндеги Көк-Жар айылынан эки жигит башка бирөөгө ок чыгарышканы жөнүндө маалымат тараган. 1997-жылы туулган жабырлануучу беш жеринен ок жеп, жарадар болуп, №4 ооруканага жеткирилген эле.
31-октябрда белгилүү болгондой ок чыгаргандар “Эльнур” ун комбинатынын башкы директору Эркенбай Сарбашевдин уулдары болуп чыкты. Ал эми жапа чеккен жигит кол салган Эльнур Мамановдун мурдагы бажасы экен. Эльнур бажасын аткылап, анын бир тууганы жүз метрге чейин сабап барган.
Шектүүлөргө издөө жарыялана элек. Бирок Чүй облусуну ИИБси кол салгандардын жөндүгү такталып жаткандыгын билдирген. Аларды үйлөрүнөн да, жумушунан да издеп, таппай жатышыптыр.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ