Menu

Сотто Осмонбек Артыкбаев Сапар Исаков Атамбаевге кат жазып, маалымат берип турганы боюнча сурап, аны ыңгайсыз абалга калтырды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 31-октябрда Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБ боюнча ишти кароо уланууда.

Бүгүнкү соттук жараян ТВЕА компаниясынын өкүлү жок өтүп жатканы туура эместигин мурдагы премьер-министр Сапар Исаков билдирип, ал мамлекеттик айыптоочулардын, адвокаттардын жана башка айыпталуучулардын суроолоруна жооп берди. Ага айыпталуучулардын бири, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев суроо узатты. Ал: «ЖЭБди оңдоо боюнча келишимди ратификация кылууда «депутаттар келишимди колдобой коюшу мүмкүн» деп президентке кат менен кандай максатта кайрылдыңыз эле?»,- деди. Ага Исаков дароо жооп берди. “Андай каттар президентке дайым эле жазылчу, бул басым көрсөтүү эмес»,-деди.

Ал эми тергөөнүн маалыматы боюнча, Бишкек ЖЭБин жаңылоо алдында Сапар Исаков (ал кезде президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүн жетектеген) президент Алмазбек Атамбаевге кат жазып, долбоор боюнча маалымат берип турган. Исаков болсо бул катты жазууда эч кандай жеке кызыкчылыгы болбогонун айтып келет.

Эске сала кетсек, 2018-жылдагы кышкы чилдеде, ЖЭБде авария болуп, Бишкектин тургундары бир жума бою жылуулуксуз калган. Үшүп калган эл андагы аткаминерлерди катуу сынга алып, алардын жоопко тартылышын талап кылган. Ошондон улам, териштирүү болуп, оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, биртоп адамга кылмыш иши козголгон. Бир гана мурдагы финансы министри Ольга Лаврова үй камагына чыгып, калганы камакта калган. Алар: экс-премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри, депутат Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов. Булардын баарына«Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери менен айып тагылган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: