Menu

“Жакында өлкөбүз эски автоунаалар аянтчасына айланат”

Бөлүшүү:

Сырттан келген унаалардын бажы төлөмү жаңы жылдан тарта кымбаттаары жалпы элге маалым болуп калды. Үмүт бар эле, бирок кыргыз өкмөтү ЕАЭБдеги өнөктөштөр мөөнөттү жылдырууга негиз жок экенин алдын ала айтышууда. Мындай абалда дүрбөлөң түшүп, «унаа сатып алам» дегендер күн санап көбөйдү. Кыргызстан 2015-жылы Евразия экономика биримдигине киргенде уюмдун бирдиктүү бажы тарифине макул болуп койгон. Бирок уюмга жаңы киргенде Кыргызстанга 2020-жылга чейин өткөөл мөөнөт берилген. Эми ал аягына чыгып жатат. Мындай тарифтин негизги максаттарынын бири уюмдун ичиндеги унаа өндүрүшүн колдоо болгон. Унааларды көбүнчө Орусия чыгарат. Элдин жакшы жашоого болгон мүмкүнчүлүгүн төмөндөткөн бул абал боюнча серепчилерге кайрылдык.

Азамат Акелеев, экономика боюнча серепчи:

– Бул жерде биздин өкмөт өз убагында туура сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөй, элге керектүү нерсени чечпей, «ЕАЭБдеги башка товарлардын үлүшүн көбөйтөбүз» деп ошого алмаштырып салышкан. Аталган маселе боюнча убагында катуу туруп берүүлөрү керек эле. Бизде кенебей коё тургандай автоунаа заводубуз жок. Элдин унаа сатып алуу мүмкүнчүлүктөрү төмөн. Ошон үчүн биз бул мүмкүнчүлүктөрдөн кол жуугандан кийин жалаң эски автоунаалар калат. Алар абаны булгайт. Автоунаа паркы эскирет. Төмөн сапаттуу орустардын машиналары гана кирет. Ошону менен бизде элдин жашоо турмушу дагы төмөндөйт. Жакшы автоунаага болгон мүмкүнчүлүк бул элдин жашоо турмушуна түздөн-түз таасирин тийгизет. Анткени кап адамдар автоунаа алып сатуу менен оокат кылат.

ЕАЭБдеги үлүш үчүн башка нерселерди курмандыкка чалышкан. Элдик товарлар бажы көлөмүнө алмаштырылган. Ал товарлар башка өлкөнүн товарынын деңгээлине көтөрүлгөн. Ошол убактагы өкмөт башчысы ошону жетишкендик катары көрсөткөн. Азыр болсо бир жыл убакыт беришти.

Мисалы, Армениядан автоунаалар бизге ташылып жатат. Алар автоунаа боюнча маселени ЕАЭБ менен жакшы чечишкен. Ошону менен бирге оң рулдуу автоунааларга да тыюу салышкан. Алардан бизге кайра бир топ акча кошулуп ташылып жатат. Мурда чет жактардан жаңы автоунаалар ташылып, айылдарга чейин автоунаалар жаңырган. Эми машиналар кымбаттоонун үстүндө эле болот. Буга ЕАЭБге кирген учурдагы президент, өкмөт күнөөлүү десек болот. Эми болсо жакында өлкөбүз эски автоунаалар аянтчасына айланат.

Марлен Маматалиев, ЖК депутаты:

– Биз ЕАЭБге киргенде ушундай талап болгон да. Башка мамлекеттерден келген автоунаалардын баасын көтөрүү талабы коюлган. Биз ошол учурда 2-3 жыл убакыт суранганбыз. Кыргызстан мөөнөт гана сурап, алардын талабына макулдуктарын берген. Эми ал мөөнөт жаңы жылдан тарта бүтөт. Андан кийин Орусия, Казакстан, Беларусь, Армения жактан кире турган автоунааларды ташуу баасы бирдей болот. Чет жактардан ташуу, мындайча айтканда, биз мурда 500 долларга ташысак 5000 миң долларга көтөрүлөт. Бул – биз тандап алган жол. ЕАЭБдин өз минустары жана плюстары болгон. Бул ошол минустарынын бири. Башка мамлекеттерден келген автоунааларды өтө кымбаттыгына байланыштуу албай калабыз дагы, жалаң гана ЕАЭБдин ичиндеги өлкөлөрдөн автоунаа алып калабыз.

Азыр Кыргызстанда 1 млн. 200 миң автоунаа бар. Ошонун 94%ы чыкканына он жылдан ашык убакыт өткөн автоунаалар. Негизи эле он жылдан ашык колдонулган автоунаалар экологияга терс таасирин тийгизет. Эски автоунаанын коопсуздукка да коркунучу чоң. Элдин баары «жаңы жылдан кийин автоунаа кымбаттайт экен. Батыраак алып коюш керек» деген дүрбөлөңдүн айынан азыр эле автоунаалар кымбаттап кетти.

Нургүл Акимова, экономика боюнча серепчи:

– ЕАЭБдеги келишимибиз ушундай болгон. ЕАЭБдин курамына кирбеген башка өлкөлөрдүн товары 3% кымбат болору так жазылган. ЕАЭБдин курамындагылар гана бири-бирине пайызсыз сатат. Ар бир өлкө ЕАЭБге кирерде өз талаптарьш койгон. Кээ бир өткөөл мезгилди узартса болот. Азырынча кыргыз өкмөтү ЕАЭБден бул мөөнөттү узартууну суранып жатат. Эгер узартпаса келишимдеги бажы төлөмдөрүн төлөп, автоунааларды киргизүүгө мажбур болобуз. Бажы төлөмүнүн баасы бир автоунаанын баасы менен барабар болуп калат. Автоунааларга кошулган бажы төлөмү машинаньш маркасына, чыккан жылына жараша болот.

Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 4 = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: