Menu

Амангелди Муралиевдин баласы Алтынбек Муралиев жатак абагына которулду

Бөлүшүү:

Экс-премьер-министр Амангелди Муралиевдин баласы Алтынбек Муралиев түрмөдөн жатак абагына которулду. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз катчысы Э.Сабатарова журналисттерге билдирип, себебин түшүндүрдү.

Анын айтымында, Алтынбек Муралиев Чүйдүн Молдовановка айылында жайгашкан №27 колонияда отурган. Анын жаза мөөнөтүнүн дагы үч жыл, эки айы калды. Соттолгондордун тергөө абагында отурган бир күнү эки деп эсептелет.  Алтынбек Муралиевдин отурган күндөрүнүн баарын эсептегенде, ал үчтөн экисин отуруп койгон. Ошонун негизинде октябрдын ортосунда жатак абакка которулган.

Эске сала кетсек, Алтынбек Муралиев өкмөттүн эл аралык кызматташтык бөлүмүн жетектеп турганда, “Кыргызстанга чыккынчылык кылган” деген айып менен 2014-жылы кармалган. 2016-жылы Биринчи май райондук соту 12 жылга эркинен ажыратса, кийинчерээк Бишкек шаардык соту анын жазасын андан да күчөтүп, 22 жылга кескен.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 24 = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: