Бүгүн, 31-октябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар “Кыргызстанда уран, торий кендерин издөө, чалгындоо максатында жер казынасын геологиялык изилдөө жана иштетүү менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө” мыйзамдын долбоорун үчүнчү окууда кабыл алышты. Ага 110 депутат макул деп добуш берсе, бир гана депутат Азамат Арапбаев каршы чыкты.
Мыйзам долбоорунун авторлору – «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов, «Бир Бол» фракциясынын төрагасы Алтынбек Сулайманов, КСДП фракциясынын депутаты Канат Керезбеков, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Алтынбек Жунус уулу жана «Бир Болдун» депутаты Бактыбек Турусбеков.
Эске сала кетсек, быйыл жазында, апрель айында Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омполдо уран кенин иштетүүгө жергиликтүү эл каршы чыгып, чуу чыгарган. Алар кендин казылышына каршы нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. Ушундай көрүнүштөн кийин, өкмөт кенди казганы жаткан «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясынын лицензиясын токтоткон. Президент Сооронбай Жээнбеков да уран казылбай турганын айткан. Парламент болсо «кен иштетилбесин!» деген токтом кабыл алган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ