Menu

Депутат Рыскелди Момбеков милиция болуп иштеген, ошон үчүн көп “сөгүнөт”.  Дагы кайсы депутат милиция болуп иштеген?

Бөлүшүү:

Эртең, 1-ноябрда кыргыз милициясынын түзүлгөнүнө 95 жыл толот. Мындай маараке чоң масштабда эртең белгиленет. Ага карата ар кандай иш-чаралар уюштурулуп жатат.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда депутаттар ички иштер органдарынын кызматкерлерин жана ардагерлерин кызуу куттукташты. Азыр парламентте бул тармакта иштеп кеткен 10 депутат бар. Алар: Мыктыбек Абдылдаев, Бакирдин Субанбеков, Зарылбек Рысалиев, Рыскелди Момбеков, Абдыбек Дуйшалиев, Жаныбек Бакчиев, Төрөбай Зулпукаров, Таалайбек Масабиров, Ильхом Маннанов, Алмаз Жутанов.

Мурдагы милиция, азыркы депутат Бакирдин Субанбеков бүгүн парламентте эртең, 1-ноябрь ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы экенин эске салып, кыргыз парламентинин атынан аларды кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 95 жылдык маарекеси менен куттуктады. Төмөндө ошол куттуктоо сөзгө окурмандардын назарын бурабыз:

Бүгүн мен кайраттуулук менен каармандыктын, баатырдык менен эрдиктин, тайманбастык менен өжөрлүктүн, өлүм менен тирүүлүктүн тамырын кармаган, кылычтын мизи менен жүргөн, күнбү-түнбү бүткүл өмүрүн, жаркын жаштыгын, мамлекеттин тиреги болгон ички иштер органдарында, милициянын күжүрмөн максаттарын туу туткан миңдеген кесиптештеримди, ардактуу ардагерлерди кыргыз милициясынын 95 жылдык мааракеси менен чын дилимден куттуктайм!

Урматтуу милиция кызматкерлери, эл алдында берген ыйык антыңарга бекем туруп, элибиздин жаркын келечеги, мамлектибиздин өнүгүп өсүшүнө, коомдук тартипти сактоого өз салымыңарды кошкула, кызматтык милдетиңерди абийирдүүлук менен аткаргыла!

Учурдан пайдаланып кыргыз милициясынын ардагерлерин, генералдарын, офицерлерди жана катардыгы кызмат өтөгөн эр азаматтарын, курсанттарын жана алардын үй-бүлөлөрүн кыргыз милициясынын 95-жылдык маараке майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктап, бекем ден соолук, майтарылгыс кайрат, жооптуу ишиңиздерде ийгилик жана ар бириңиздерге үй-бүлөлүк бакыт-таалай каалайм!

Эң негизгиси, эл ишенимине ээ болуп, “менин милициям – мени коргойт” деген ыйык сөздү туу тутуп иштешиңерге тилектешмин!”

 Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 + = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: