Menu

Мухаммедкалый Абылгазиев иш сапары менен Өзбекстанга учуп кетти

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Ташкент (Өзбекстан Республикасы) шаарына иш сапары менен учуп кетти. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

 Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынын күн тартибинде Шанхай кызматташтык уюмунун ишмердүүлүгүн мындан ары карай өркүндөтүүгө багытталган соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү маселелер белгиленген. Жыйындын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюу пландалган.

 Белгилей кетсек, Мухаммедкалый Абылгазиев саммиттин алкагында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары менен бир нече эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − = 95

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: