Menu

Депутат Гүлкан Молдобекованын бир тууганы коррупцияга шектелип жатат

Бөлүшүү:

Кыргызстандын тургуну Талас районунун Бекмолдо айыл өкмөтүнүн жашоочуларынын атынан айыл өкмөт башчысы Кубанычбек Молдобековду коррупцияга тиешеси бар деп чыкты. Бул тууралуу ал президентке видеокайрылуу жасаган.

Анын айтымында, “Жерүй” кенин иштетүүдөн түшкөн каражаттарды айыл өкмөт мыйзамсыз пайдаланган.

“Мурда “Жерүй” кенинен салык катары жергиликтүү бүджетке 175 млн сом түшкөн. Азыр айыл өкмөт башчысы Кубанычбек Сакинович Молдобеков ал акча каражаттарын жеке максатына колдонгон. Мисал келтирейин. Төрт айылды суу менен камсыз кылуу үчүн 1 млн 600 миң сом камсыз кылуу керек эле. Ал сумманын 900 миңин Молдобеков бир фирмага которуп жиберип, эмне болгону белгисиз. Электр жарыгы менен камсыз кылуу үчүн 5 млн 400 миң каралып, 4 млн 400 миңи коротулганы менен, иштер аягына чыкпай келет. Кара-Ой айылында каналдарды тазалоо каралган. Ал үчүн Молдобеков “Канатстрой” фирмасына 490 миң сом которгон, бирок каналдарды жергиликтүү калк өз күчү менен тазалашкан”. – деп айтылат видеокайрылууда.

Ушул жана башка фактылар жогору жактагы жетекчиликтерге бир нече ирет айтылганы менен эч жыйынтык болбой жатыптыр.

“Себеби бир тууган карындашы Гүлкан Молдобекова КСДП фракциясынан ЖК депутаты. Ошондуктан, урматтуу Сооронбай Шарипович, ушул ишке кийлигишип, бардык фактыларды текшерүү үчүн комиссия түзүп беришиңизди суранабыз”, – деп кошумчалады ал.

Маалымат:

Кубанычбек Сакинович Молдобеков 1956-жылы 1-январда Талас районунун Жергетал айылында туулган. Улуту – кыргыз. Кыргызстан жараны. Билими – жогорку. КМУну 1978-жылы, Караганда Жогорку милиция мектебин 1994-жылы аяктаган. Кесиби – математика мугалими, юриспруденция. Кыргыз жана орус тилдеринде эркин сүйлөйт.

Эмгек ишмердиги: 1978-1980-ж.ж. Жылкы завод орто мектебинде математика мугалими; 1980-1982-ж.ж. Аскерде кызмат өтөп, взвод командири болгон. 1983-1994-ж.ж. ИИБде учаткалык инспектор, опер кызматкер; 1994-1996-ж.ж. Талас облусунун салык полициясында тергөөчү; 1996-2017-ж.ж. жеке ишкерлик, жетекчи; 2017-жылдан бери карай Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы.

Ошондой эле Кубанычбек Сакинович Молдобеков Юстиция министрлигинин базасында “Берен” саясый партиясынын жетекчиси катары катталган.

Аталган “Канат-Строй” ЖЧКсы тууралуу маалымат: Ээси жана жетекчиси – Жумабеков Алыкул Мухвидинович. Негизги ишмердүүлүгү: жашай турган жана жашабай турган имараттарды куруу. Компаниянын сайтында: 2014-жылдан бери инженердик имараттардын (суу менен камсыз кылуу, суу түтүктөрүн орнотуу, жылуулук түйүндөрү боюнча) курулушуна, жер казуу иштерине, монолит, бетон, темирбетон конструкцияларын жасоого лицензия алган.

Алыкул Жумабеков Башкы прокуратурасынын кадр резервинде турган. Көзөмөл органдын сайтында 2014-жылдагы “резервдегилердин” тизмесинде тесттен өткөн деп турат.

Кубанычбек Молдобеков эскерилген бул биринчи чыр эмес. 2017-жылдын 28-августунда Barometr.kg сайты жергиликтүү элге шилтеме жасап, Суусамыр өрөөнүндө белгисиз кишилер Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы Кубанычбек Молдобековдун үйүн өрттөп кетишкенин жарыялаган.

Анда жергиликтүү тургундар: “Анын бир тууганы Гүлкан Молдобекова ЖК депутаты, Кубанычбековдун таянган тоосу бар, ошондон улам эл көйгөйүнө кеп кулак түрө бербейт. Кимдир-бирөөлөр өчөшүп калып, трасса боюндагы үйүн өрттөгөн чыгар”, – деп айтышкан.

Эскерте кетсек, “Жерүй” алтын кени Бекмолдо айыл өкмөтүнө караштуу жерде жайгашкан. К.Молдобеков кенге конкурс өткөрүлгөндөн кийин айыл өкмөттүн башчысы болгон.

KyrgyzToday.kg “Вечерний Бишкектен” кыргызчалады

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: