Бишкектин Октябрь райондук соту Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин «Азия Ньюс» гезитине каршы доо арызын канааттандырып, гезитти 1 миллион сом айып пулга жыкты.
Мындай чечимди ишти караган райондук соттун судьясы Тынара Абдиева чыгарды.
Жунушалиев «Азия Ньюсту» 2019-жылдын 25-апрелинде чыккан № 16 жана 16-майда жарык көргөн № 19 сандарындагы макала, коллаждар үчүн сотко берген. Ал «гезиттеги материалдар ар-намысыма шек келтирди» деп, 5 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн болчу.
«Азия Ньюс» Ички иштер министрлигинин 7-башкармалыгынын жетекчиси Бакыт Матмусаев менен да соттошуп жатат. Матмусаев гезиттин ушул жылдын 16-майында ал тууралуу чыккан маалыматы боюнча сотко кайрылып, ал да 5 миллион сом өндүрүп берүүнү сурап жатат.
Булак: «Жаңы Ордо»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ