Menu

Турсунбеков да түрмөгө отурганы калдыбы?

Бөлүшүү:

Парламенттин мурдагы төрагасы, депутат Чыныбай Турсунбековдун жакындарына таандык Бишкектеги арак-шарап заводу боюнча токтотулган кылмыш иши кайрадан териштирилмек болду. Башкы прокуратура заводдун мыйзамсыз менчиктештирилиши тууралуу 2012-жылы козголгон кылмыш ишин токтотуп койгон УКМКнын Тергөө башкармалыгынын 2014-жылкы токтомун жокко чыгарды. Эми иш кайрадан атайын кызмат тарабынан сотко чейинки өндүрүшкө алынат. Иш жанданса Чыныбай Турсунбековго кылмыш иши козголуп, сыйыртмак салынышы мүмкүн. Убагында 183,4 миллион сомго бааланган борбордун чок ортосундагы 2 гектар жерди ээлеген завод 66,5 миллион ит бекер сомго сатылып, мамлекетке ири суммада оңбогондой зыян келген. Тилекке каршы, кылмыш иши козголгону менен токтоп калган болчу. Ошол жылдары «Ата-Журт» партиясынан депутат болуп барган Камчыбек Ташиев да кызматташы Чыныбай Турсунбековду «Заводду шектүү жол менен сатып алган» – деп ачык эле айткан.

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: