“Бишкек ЖЭБин модернизациялоо бүттү, демонтаж кылганда миңдеген тонна металл чыккан, алар эмне болду? Эмнеге ушул убакка чейин тендер жарыялап, сатпай жатасыңар? Же эчак четинен уурдап кетиштиби?” – деп ЖК депутаты Кожобек Рыспаев отун-энергетика комплекси жана кен пайдалануу боюнча ЖК комитетинин жыйынында собол салды.
Улуттук энергохолдиндин башчысы Айтмамат Назаров 15 миң тонна чейин металл бар экенин айтты. “Ошондой эле ГЭС дагы модернизация болууда, металлдын көлөмү дагы көбөйөт. Биз өндүрүштү жөнгө салып, даяр продукция катары саталы деген оюбуз бар. Азыр металл түрүндө эле сатып жиберсек, металлолом сыяктуу арзан кетет, металлдын жарымы бизге ылайык келбейт, башкаларга керек”. – деди ал.
Силер өндүрүштү жөнгө салганча качан, салмагын текшергиле, менимче 3 миң тоннайын уурдап кетишти окшойт”. – деди К.Рысбаев.
Назаров азыр компаниялар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты. “Арматура менен бурчтуктарды чыгарабыз”, -деди ал.
К.Рысбаев демонтаж болгон металлдар бүджетке 90-100 млн сом пайда алып келерин айтып: “Жерди ээлеттирбей, сатып салыш керек”, – деп кошумчалады.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ