Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын начальниги, милициянын полковниги Курманкулов Самат Ажыгулович коомдук коопсуздукту сактоону камсыз кылууга кошкон салымы, ошондой эле кызматтык милдеттерин жоопкерчиликтүү аткаргандыгы үчүн «Эрдик» медалы менен сыйланды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ