Кыргыз өкмөтү эки өлкөнүн аскерлерге каражат бөлүү кызматташуусу боюнча келишм долбоорун жакытырып өкмөт башчы М.Абылгазиев 2019-жылдын 24-октябрында тийиштүү токтомго кол койду.
Келишимге ылайык Түркия Кыргызстанга 100 млн түрк лирасын бөлүп жатат, ага аскерге керек товарлар түрк фирмалардан сатылып алынат. Акчалар бир нече ыжлдардын аралыгында улам-улам бөлүнүп турмакчы. 1-ноябрга карата 100 млн түрк лирасы – 17 млн 507 миң АКШ доллары же 1 млрд 208 млн 880 миң сом болот.
Ошондой эле Түркия Кыргызстандын жоокерлери Түркиянын аскердик окуу борборлорунда билим алышы үчүн 1,4 млн АКШ доллар бөлүп жатат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ