Көрүлгөн иш-чаралардын натыйжасында мурда соцобъектилердин карамагында болгон “Ромашка” атту бала бакчанын имараты жана бир нече жер тилкелерин муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу 1-ноябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
“2019-жылдын 9 айында мыйзамсыз менчиктештирилген соцобъекттер кайтарылды. Алар: Таласта жайгашкан “Ромашка” бала бакчасынын имараты жана Ош облусунун Ноокат районунда жайгашкан “Жийде-Бурак” жана “Кожоке” орто мектебинин жер тилкелери”, – деп айтылат Башкы прокуратуранын маалыматында.
Көзөмөл органы билдиргендей, 2012-жылдан ушул убакка чейин мамлекеттик жана муниципалдык менчикке 94 объект жана 4 жер тилкеси кайтарылган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ