Бүгүн, 1-ноябрь күнү буга чейин Тажикстан Республикасынын аймагында кармалган Кыргызстандын жараны Асылбек Каримов мекенине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Эске салсак, кечээ 31-октябрда Кыргызстан менен Тажикистандын компетенттүү органдарынын жана ошондой эле Чек ара кызматтарынын өкүлдөрүнүн ортосунда сүйлөшүүлөр болуп, анын жүрүшүндө КР жаранын мекенине кайтарып берүү маселеси да козгоолгон.
Жыйынтыгында КР жараны А.Каримов Тажикстан Республикасынын чек ара мыйзамын бузгандыгы үчүн салынган айыптан куткарылып, 1-ноябрь күнү Кр чек ара кызматкерлеринин колуна өткөрүлүп берилген. Учурда ал туугандарына берилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ