Menu

Тагдыр: Дени сак балам аскерге кетип оорукчан болуп кайтты…

Бөлүшүү:

“Тагдыр” рубрикабыздын бүгүнкү каарманы Айзирек апа. (аты өзгөртүлдү). Ал уулун 2012-жылы аскерге актилек менен узаткан экен. Бирок жарым жыл өтпөй уулунун ооруканага жатып калганын уккан эне учуп жетет. Барса эле уулу энесин тааныбай акылынан айнып, психологиялык жактан ооруп калган болот. Болгон мал-жанды сатып, барбаган жери калбай дарылатса болбой, уулу байламайын карматпаган оорулуу болуп калыптыр. Сыздаган эне менен маек курдук.

– Айзирек апа, уулуңуз ага чейин ооручу эмес беле?

– Уулум абдан жоош, кой оозунан чөп албаган момун жигит болчу. Мектепти аяктагандан кийин эле Бишкекке окууга кетирели деп жатканбыз. Бирок аскерге чакыруу келгенде аябай кызыгып, аскер адамы болом деп жатып өзү кетем деп кетип калды. Мектепте эң жоош бала менин уулум болчу. Эч кандай оорусу да жок болчу. Татынакай, алмончоктой уулумду мекенди коргоо үчүн жиберип, эми минтип оорулуу адамды багып отуруп калдым. Уулумду үйлөнтүп, эл катары небере багаарда куурабадымбы…

– Дарыгерлер эмне деп жатышат?

– 2012-жылы аскерге кеткен. Жарым жылдан кийин эле бизге чалып “Уулуңуз эсин жоготуп ооруканага түштү” – деп калышты. Учуп эле барсак, эси-учун таппай кислороддо жатыптыр. Эсине бир жумада араң келди. Экспертизага бердик, эч кандай тагы жок экен. Эсине келди. Бирок эч кимди тааныбай, акыл-эсин жоготуп коюуптур. Кадимкидей эле басып-туруп жүрөт, бирок эч кимди тааный албай жатат. Оорусу кармаганда ай-буйга келбей, ким болбосун алып ыргытып, атырылып ооруп калды. Жакшы болуп калганынан айылга алып баргам. Оорусу кармап калган учурда эч ким кармай албайт. Кошуна-колоң, айыл ичи бүт коркуп бүтүштү. Оорусу кармаары менен элге чуркап асылып, эч нерсеге карабай кол салып жиберет. Таптатынакай уулумду ушинтип оорулуу кылып колума карматып койгон адамдарга наалат гана айткым келет. Эл коркуп үйгө кирбей калганынан бир бөлмөгө чынжыр менен байлап койгонго аргасыз болдум. (ыйлап) Дарыгерлер катуу коркуп калган, психикалык травма алган дешти. Угушубузга караганда, баягы эле аскердеги жазылбаган мыйзам бар го жаңы баргандарды сабай беришкен, ошонун азабынан уулумду башка аскерлер кармап алып оозуна тирүү жыланды салып коркутушкан имиш. Катуу чочуп калгандыктан эсин жоготуп, элирип ооруп калыптыр. Ким ушунчалык мыкаачылыкка барса да кудайым күбө. Мындай нерсени далилдей албайт экенсиң.

– Кыргызчылык менен дарылатып көрдүңүздөрбү?

– Барбаган жерибиз, бүбү-бакшы калган жок. Бир аз оңолуп калып эле кайра оорусу кармаганда эч ким кармай албай калат, аябай күчтүү да болуп кетет. Улам-улам дарылатып турабыз. Бирок жылыш жок. Тууган-туушкан, айыл ичи менен киришип-чыгышпай абдан чүнчүп, басынып бүттүм. Мындай тагдырды душманыма да каалабас элем.

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 + = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: